Кирүү | Катталуу

2018-жылдын май айында жасалган иштер

2018-жылдын май айында жасалган иштер
01.05.18 – “Ыйман” фондунун Түштүк аймагы боюнча координатору А. Атамкулов “Мы волонтеры Кыргызстана” уюмунун ыктыярчыларына “Важность того что мы делаем” деген темада семинар өттү;

03.04.2018 - Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Адеп державасы” семинарын өттү;

05.05.2018
- Тогуз-Торо районунун Казарман айылында өткөн “Келечекке кең көз караш” форумунда фонддун төрагасы Н. Кадырбеков “Адеп державасы”, “Ынтымак” темасында семинар өттү;

07.05.2018 - Аян ТВнын орозого карата чыгып жаткан сукпат программасында билим тууралуу маекке фонддун төрагасы Н. Кадырбеков катышты;

07-08.05.2018 – “Ыйман” фондунун Ош шаарындагы ыктыярчылары үчүн Бишкек шаарына саякат жана семинарлар уюштурулду;

07.05.2018 - Н. Кадырбеков Марал ФМ радио жана теле каналында конокто болду;

07.05.2018 - Фонддун төрагасы Н. Кадырбековдун “А.Салымбековдун фондунун” “Кыргызстан жаш лидерлери” программасына катышып жаткан жаштар менен жолугушуусу болду;

10.05.2018 – Фонддун өкүлдөрү Ош МУнун Теология факультети уюштурган орто кылымдын белгилүү ислам аалымы Али бин Осмон Аль-Ошийге арналган Эл аралык илимий практикалык конференцияга катышты;

11.05.2018 – Жалал-Абад шаарында “Жалал-Абад жаштары” уюштурган иш-чарада фонддун төрагасы студенттер менен жолугушту;

11.05.2018 – “Дин жана демократия ортосунда конструктивдүү диалог” долбоорунун Диалог Платформасынын экинчи жолугушуусу болду;

11.05.2018 - ОшМУнун теология факультетинин бүтүрүүчү айымдары менен фонддун долбоор боюнча координатору Т. Өкөнбаева жолугушту. Жолугушууда теолог айымдарга «Ыйман» фондунун аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбоору жөнүндө маалымат берилди;

12.05.18 - Ош облустук китепканасында “Китепкөй улут” акциясы болуп өттү;

12-13.05.2018 – “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата жана “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы райондорунун райборборлорунда жана айылдарында жергиликтүү тургундар жана мектеп окуучуларына фонд төрагасы Н. Кадырбековдун “Адеп державасы” жана КРнын Эмгек сиңирген мугалими Г. Мадаминовдун “Энелер мектеби” менен семинарлары өтүлдү;

14.05.2018 – Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков КРнын ЖКнын депутаты Жанар Акаевдин демилгеси менен Ош шаарынын Драм театрында өткөрүлгөн “Жаштар платформасы” мотивациялык жолугушуусунда сөз сүйлөдү;

17.05.18 – Кара-Кулжа району, Чалма айыл өкмөтүндө жана Буйга айылында окуучулар менен жолугушуу өтүп, фонддун китептеринин жана фильмдеринин, insan media каналынын, insan.kg сайтынын презентациялары болду;

17.05.2018 – Бишкек шаарындагы №2 орто мектебинде “Ыйман” фондунун жаңы тартылган тасмаларынын презентациясы жана чакан семинар өтүлдү;

18.05.2018. Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков “Марва ТВ” телеканалында түз эфирде орозо, ыйман темасында маек курду;

18.05.18 – Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө окуучулар менен жолугушуу, “Менин согушум эмес” фильминин жана китептердин презентациясы, “Ислам - тынчтыктын дини” аттуу семинар болду;

19.05.2018 – “Ала-Тоо” жаңы конушунда “Жаштарды өнүктүрүү институту” тарабынан уюштурулган мотивациялык жолугушууда фонддун өкүлү Т. Муратбеков мектеп окуучуларына сөз сүйлөдү;

19.05.2018
. Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков И. Арабаев атындагы КМУда өткөн “Ыйман – кечээ, бүгүн жана эртең” темасындагы ой-ордо талкуусуна катышып, сөз сүйлөдү;

19.05.18 – Ош облустук китепканасында “Китепкөй улут” акциясы болуп өттү. Конокто “Максимум прогресс” окуу борборунун жетекчиси Чыңгыз Таалайбеков болду.

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Февраль 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top