Кирүү | Катталуу

Замир Турсунбеков: "Экстремизм-бул жалпылап күрөшүүнү талап кылган көйгөй". Баткен согушунун ардагерлери үчүн семинар

Замир Турсунбеков: "Экстремизм-бул жалпылап күрөшүүнү талап кылган көйгөй". Баткен согушунун ардагерлери үчүн семинар
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду 19-июнда, Баткен согушунун ардагерлер кеңеши менен биргеликте, 2014-2020-жылдар аралыгына кабыл алынган Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик концепцияны ишке ашыруу максатында «Негизги диний агымдар, илим жана исламий аргументтер аркылуу радикализмди алдын алуу» аттуу семинар уюштурду. Ушул эле семинар буга чейин Баткен жана Талас облустарында уюштурулган.

Ыйык Рамазан айында жаңы китеп

Ыйык Рамазан айында жаңы китеп
"Ыйман" фондунун "Калем жана ыйман" долбоорунун алкагында Жусуп Баласагын бабабыздын "Куттуу билим" ("Кутадгу билиг", 1069-70) чыгармасынын кыскартылган варианты жарык көрдү.

Ыйык Рамазан айында жаңы китеп

Талас облусунда Баткен согушунун ардагерлери үчүн семинар уюштурулду

Талас облусунда Баткен согушунун ардагерлери үчүн семинар уюштурулду
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду 8-июнда, Талас шаарында, Талас облусундагы Баткен согушунун ардагерлери үчүн «Негизги диний агымдар, илим жана исламий аргументтер аркылуу радикализмди алдын алуу» аттуу семинар уюштурду. Семинарга Баткен согушунун 25 ардагери катышты.

Талас облусунда Баткен согушунун ардагерлери үчүн семинар уюштурулду

Фонд төрагасы Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттары жана офицерлери менен жолугушту

Фонд төрагасы  Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттары жана офицерлери менен жолугушту
"Ыйман" фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы уюштурган иш-чарада "Мамлекеттүүлүк тил жана улуттук иденттүүлүк" тууралуу аскер адамдары менен баарлашты

Фонд төрагасы  Куралдуу күчтөрдүн Аскер институтунун курсанттары жана офицерлери менен жолугушту

"Ыйман" фонду Баткен согушунун ардагерлери үчүн радикализмди алдын алуу тууралуу семинар уюштурду

"Ыйман" фонду Баткен согушунун ардагерлери  үчүн радикализмди алдын алуу тууралуу семинар уюштурду
2018- жылдын 2-июнунда Баткен шаарында «Ыйман» диний маданиятты өнүүктүрүү фонду Баткен согушунун республикалык ардагерлер кеӊешинин мүчөлөрү (БСРАК) үчүн «Негизги диний агымдар, илим жана исламий аргументтер аркылуу радикализмди алдын алуу» аттуу семинар өткөрдү. Семинар, БСРАК мүчөлөрүнүн демилгеси менен уюштурулду.

Аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбооруна тренер айымдарды окутуучу мугалимдерди конкурска катышууга чакырабыз

Аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбооруна тренер айымдарды окутуучу мугалимдерди конкурска катышууга чакырабыз
«Ыйман» фонду аймактардагы аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу аркылуу өлкөдөгү экстремисттик жана радикалдык агымдарга бөгөт коюу, элдин арасында биримдикти сактоо, үй-бүлө институтун бекемдөө жана адеп-ахлактуу жарандардын тарбиялануусуна салым кошуу максатында «Эне аман – бала аман, эл аман» долбоорун Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (ДИМК) жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) менен биргеликте уюштурууда.

Долбоор тренер айымдарга тренинг уюштуруу жана алардын аймактардагы атайын макулдашылган коомдук жайларда аялдарга диний билим берүүсү менен ишке ашат.

Долбоордун алкагында тренер айымдарды окутуучу мугалимдерди конкурска катышууга чакырабыз. Тренингде окутуулучу предметтер:

1. Акыйда.
2. Хадис.
3. Фикх/ Ислам укугу.
4. Пайгамбар Мухаммед (с.а.в.)дын өмүр баяны.
5. Диндер тарыхына киришүү. Кыргызстандагы диний агымдар. (Ислам мазхабтары жана башка диндердеги агымдар. Кыргызстандагы диний жамааттар.)
6. Экстремизмдин укуктук аныктамасы жана экстремистик агымдар.
7. Мамлекет, жаран жана дин. (Дин кызматкеринин юридикалык укуктары жана милдеттери. Диний толеранттуулук.)
8. Улуттук маданият жана дин.
9. Инсан, коом жана дин. (Дин психологиясы; Дин социологиясы;Дин педагогикасы.)
10. Дин кызматкеринин адеп-ахлагы.

Коюлган талаптар жана керектүү документтер:

• Мамлекеттик үлгүдөгү диплом(Диний жана светтик);
• Окумуштуулук даража;
• 5 жылдан кем эмес окутуучулуктажрыйба;
• Резюме;
• Өлкөбүздөгү аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу тууралуу пикириңиз. (1 беттен ашык эмес)

Керектүү документтер yiman.aod@gmail.com дарегине же Бишкек шаары, Эркиндик, 56 дарегине жиберилүүсү керек.

Конкурстан тандалган мугалимдер аймактарга жиберилүүчү айымдарга июль айында тренинг өтүшөт.
Конкурска катталуу үчүн акыркы күн: 10-июнь, 2018-жыл.

Байланыш үчүн: Турдугүл Өкөнбаева,okonbaevaturdugul@gmail.com; 0774556133; 0703113412.

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Июнь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top