Кирүү | Катталуу

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду


Мамлекетибиз Кыргыз Республикасы болуп өзүнчө эгемендүүлүктү алгандан кийин элибиздин динге болгон мамилеси жана байланышы жаңы өңүттө багыт ала баштады. Доордун шарттарына ылайык коомчулук динге алда канча тездик менен киришип, руханий муктаждык өтө терең сезилүүдө. Дүйнөдө акыркы жылдары диңге жамынып, радикалдашкан күчтөрдүн көбөйүүсү жана алардын биздин өлкөнүн жарандарына тийгизген таасири байкалууда.

Ааламда диний кырдаалдын курчушу өлкөбүздүн коопсуздугуна коркунуч келтирбейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан 2014-жылы март айында болуп өткөн коопсуздук кеңешинде диний кырдаалдын абалы жана келечеги тууралуу маселелер каралды. Бир катар чечимдер кабыл алынып, натыйжада “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүлдү.

Бул фонддун түзүлүүсүнө коомдогу социалдык жана руханий муктаждыктар түрткү болду десек болот.

Аталган фонд - түрдүү диний тайпалар жана жамааттар арасында ынтымакты, диалогду, биримдикти күчөтүү максатында иш-чараларды алып барат. Өлкөбүздүн туруктуу жана ырааттуу өнүгүүсүнө салым кошууга далалат кылат.

Фонд төмөндөгүдөй негизги максаттарды көздөйт:
  • - Коомубузда диний маалыматы терең болгон заманбап интеллигенциянын чыгышына салым кошуу;
  • - Буга ылайык диний мекемелерде татыктуу жана заманбап талаптарга жооп берген кадрларды даярдоого көңүл буруу;
  • - Диний билим берүү жана таалим тарбияны жаңыча нукта өнүктүрүү жолдорун издөө;
  • - Ошондой эле, үгүт-насаат иштерин системалык түрдө жүргүзүү.

21-03-2016, 12:25 | Категория - Биз жөнүндө |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top