Кирүү | Катталуу

Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду” коомдук фонду коммерциялык эмес мүнөздөгү социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү жана коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн юридикалык жак болуп эсептелет.

Фонддун жакшы иш алып баруусу аркылуу мамлекетибиздин жалпы коомчулугу үчүн маанилүү жана пайдалуу көптөгөн долбоорлор ишке ашырылмакчы.

Фонддун мүчөлөрү жана өнөктөштөрү мамлекетте тынчтык жана бейкуттук болуусу үчүн аракет кылмакчы.

Ал эми түрдүү диний тайпалар жана жамааттар арасында туура түшүнүү, диалог жана бирдик менен мамилелер сакталуусун көздөгөн иш-чаралар даярдалып, өлкөбүздө туруктуу жана коопсуз өнүгүү болуусуна чоң салымын кошот деген ойдобуз.

Коомдук көйгөйлөргө, өзгөчө жаштардын арасында ичкилик, баңгизат колдонуу, ВИЧ/СПИД жана жаштардын кылмыш иштерине аралашуусу сыяктуу орчундуу маселелерге өзгөчө көңүл бурулуп, аларды чечүү үчүн бир топ иштер аткарылмакчы.

Жалпысынан, Фонд жана анын ишкерлери коомдогу ар бир жарандын жашоосунда оң өзгөрүүлөр болуусу үчүн колунан келген бардык күчүн толук сарптамакчы.

21-03-2016, 12:30 | Категория - Биз жөнүндө |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top