Кирүү | Катталуу

Аткарыла турган иштер

Аткарыла турган иштер

“Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында

- Бишкек шаарында, 16-27-январь аралыгында, Чүй жана Нарын облустарынын имамдары үчүн 2 жумалык окуу өтүүдө.
- Ош шаарында, 15-26-январь аралыгында Ош облусунун имамдары үчүн 2 жумалык окуу өтүүдө. Дал ушундай эле 2 жумалык окуу 27-январдан 7-февралга чейин Ош облусунун калган райондорунун имамдары үчүн уюштурулат.

Семинарда өтүлүүчү сабактар, теологдор, диний аалымдар жана окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан атайын программанын негизинде өтүлөт. Программада: акыйда, фикх, усуль фикх, хадис, куран, тавсир, мурас, ислам агымдар тарыхы жана ошондой эле заманбап технология менен иштөө, убакытты туура пайдалануу, тил маданияты, мечит иштерин жүргүзүү, укук, мамлекеттик дин саясаты, өзгөчө кырдаал учурунда эл менен иш алып баруу тууралуу сабактар бар. Сабактарды, диний аалымдар, теологдор, кесипкөй адистер өтөт. Сабактарга үзгүлтүксүз катышып, сынакты ийгиликтүү тапшырган имамдарга, эки жумалык окууга катышкандыгын тастыктаган сертификат ыйгарылат.

“Калем жана Ыйман” долбоорунун алкагында

- 8-февралда аталган долбоордун алкагында жарыкка чыккан “Калем жана Ыйман” жыйнагынын бет ачары өтөт.

Долбоордун алкагында жарык көргөн жыйнакка: адеп, ыйман, мекенди сүйүү, мээрим, боорукердик, ынтымак, достук, ата-эне, улууга болгон урмат, кичүүгө болгон ызат темаларын чагылдырган проза жана поэзия жанрындагы мыкты көркөм чыгармалар жарыяланат.

“Медиа мейкиндиги” долбоорунун алкагында

- 10-февралда “Бир кадрдагы өмүр” сынагынын жыйынтыгы жарыяланып, сыйлыктар тапшырылат жана мыкты делген социалдык роликтер көрүүчүлөргө сунулат.

“Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында

- 15-февралдан баштап Ош жана Бишкек шаарларындагы ЖОЖдордо УКМКнын кызматкерлери жана теолог, аалымдар менен ар аптада жолугушуулар уюштурулат. Жолугушуудагы максат, жаштарга дин тууралуу кенен маалымат берүү менен экстремизмди алдын алуу.

- 25- февралдан баштап Бишкек шаарында, апта сайын жарандардын диний билимин жогорулатуу багытында жолугушуулар уюштурулат. Жолугушууларга белгилүү диний аалымдар, теологдор, эксперттер чакырылат.

- 1-февралдан баштап жалпы өлкө аймагы боюнча жаштар менен жолугушуулар уюштурулат. Жолугушууларга белгилүү коомдук ишмерлер, окумуштуулар, ийгиликке жеткен спортчулар, бизнесмендер чакырылат. Жаштарга, өз кесибин мыкты билген кесипкөй адистер менен жакындан таанышууга шарт түзүп, алар кызыккан суроолоруна жооп ала турган аянтча түзүү.

21-03-2016, 13:11 | Категория - Биз жөнүндө |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top