Кирүү | Катталуу

“Калем жана ыйман” акын-жазуучуларга колдоо көрсөтүү долбоору

“Калем жана ыйман” акын-жазуучуларга колдоо көрсөтүү долбоору

“Калем жана ыйман” аталышындагы акын-жазуучуларга колдоо көрсөтүү долбоору


«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду (мындан ары - Фонд) акын-жазуучулардын адеп, ыйман, мекенди сүйүү, ата-эне, табиятты коргоо, достук, ынтымак, биримдик ж. б. Фонд тарабынан бекитилген темаларда жазылган, чыгармаларын жана котормолорун китеп кылып басып чыгарууга көмөк көрсөтүү ниетинде “Калем жана ыйман” долбоорун (мындан ары - Долбоор) жарыялайт.

Долбоордун максаты

Кыргызстандагы жазуучулардын жана акындардын адеп, ыйман, мекенди сүйүү, ата-эне, табиятты коргоо, сабырдуулук, достук, ынтымак, биримдик, мыкты таалим-тарбия, рухий тазалык, эмгек, илим-билим ж.б.у.с темаларын чагылдырган чыгармачылыгына дем берүү.

Маселе

Көркөм адабият  коомду тарбиялоодо чоң рол ойнойт. Чыгармалар мазмунуна жараша адамдардын таалим тарбиясына, жүрүм-турумуна оң же терс таасир этет. Тилекке каршы, коммерциялык максатта жазылып, бузукулукту, зомбулукту, жеңил ойлуулукту, күнөө иштерди пропагандалаган, окурмандардын ыйманына, жан дүйнөсүнө зыян жеткирчү адабий чыгармалар жарыяланып, жайылтылып жаткан учурлар кездешет.

Ошол эле мезгилде, аруу ниет, асыл тилек менен адамдын руханий казынасын байытып, элге, мекенге, ыйманга пайдалуу иштерге шыктандыра турган адабий эмгектер абдан аз. Мындай чыгармаларды жазып же которуп, бирок ар кандай себептерден улам китеп кылып чыгарууга мүмкүнчүлүгү жетпей жүргөн калемгерлер да жок эмес.

Долбоордун алкагында Фонд жарандардын руханий көрөңгөсүн байытып, адамдардын бири-бирине, коомго, мекенге карата мыкты, пайдалуу иш-аракеттерди жасоосуна себеп болуучу чыгармаларды тандап, басмадан чыгарууга жана таркатууга көмөк көрсөтөт.

Жанрлар

Фонд үч жанрдагы чыгармаларды китеп кылып чыгарууга жардам берет:

Проза (аңгемелер, повесттер);

Поэзия (ырлар, поэмалар);

Котормолор (Ж. Руми, Ю Эмре, А. Саади, Аль-Газали, Н. Хилл, Дж. Кехо, Р. Киосаки сыяктуу ыйман, адеп-ахлак, инсандык өнүгүү тууралуу мыкты чыгармаларды тартуулаган жазуучулардын чыгармалары).


Шарттары

Долбоорго:

•       Жаш курагы чектелбестен Кыргызстандын бардык жарандары катыша алат;

•       Адеп, ыйман, мекенди сүйүү, ата-эне, табиятты коргоо,  достук, ынтымак, биримдик, мыкты таалим, илим-билим ж. б. у. с. темалардагы чыгармалар жана котормолор кабыл алынат;

•       Аң сезимдерге бузукулукту, зомбулукту, жеңил ойлуулукту ж. б. терс көрүнүштөрдү кадыресе нерсе катары сиңирүүгө себеп болчу чыгармалар кабыл алынбайт;

•       Чыгармалардын грамматикалык, лексикалык, стилистикалык ж. б. каталары оңдоп жиберүү сунушталат.


Долбоордун жемиши

•       Бир нече чыгармалар бириктирилип жыйнак формасында чыгарылат;

•       Эгерде чыгарма же котормо көлөмдүу болсо, өз алдынча китеп болуп басылышы мүмкүн;

•       Чыгарылган китептердин бет ачары, авторлор менен окурмандарды жолугушуулары, маектери уюштурулат.

Күтүлгөн натыйжа

•       Ыйман темасындагы мыкты жаңы чыгармалар жарык көрөт;

•       Жарандардын, өзгөчө жаштардын таалим-тарбия алуусуна өбөлгө боло турган улуттук адабий казынабыз байыйт;

•       Жаш акын-жазуучулар окурмандарга тааныштырылат жана белгилүү калемгерлердин чыгармачылыгынын жаңы өңүтү ачылат;

•       Окурмандар менен акын-жазуучулардын, котормочулардын ортосунда байланыш бекемделет;

•       Чет элдик залкар аалымдардын жана акын-жазуучулардын чыгармалары кыргыз тилинде кыргыз окурмандарына сунушталат;

•       Акын-жазуучулардын чыгармачылык шыктануусуна жана эргүүсүнө маанилүү шарт түзүлөт.

 Кайрылуу мөөнөтү жана  тартиби

           
Долбоорго катышуу үчүн:

1. Чыгарманын электрондук вариантын info@iyman.kg дарегине же кагазга чыгарылган вариантын Бишкек шаары, Эркиндик гүлбагы 56, 2-кабат (“Нуска” китеп дүкөнү жайгашкан имарат) дарегине 2016-жылдын 1-мартынана чейин жиберсеңиз болот. Чыгарманы жөнөтүүдө “Калем жана Ыйман” конкусуна  деп атоону унутпаңыз.

2. Өзүңүз тууралуу бул анкетаны толтуруп, чыгармага тиркеп жибериңиз:

-           Толук аты-жөнү (ф.и.о.)________________________________

-           Туулган жылы ________________________________________

-           Иштеген жери_________________________________________

-           Байланыш телефондору_________________________________

-           Электрондук дареги____________________________________

-           Почта дареги__________________________________________

-           Чыгарманын аталышы__________________________________

-           Жанры_______________________________________________

 
Байланышуу телефону +996 (312)625130


21-03-2016, 13:20 | Категория - Биз жөнүндө |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top