Кирүү | Катталуу

Кыргыз Республикасынын мыйзамы «диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын мыйзамы «диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын мыйзамы
«Диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө»


1-Глава
Жалпы Жоболор


1-берене. Ушул Мыйзамды жөнгө салуунун заты

1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында диний билим берүүнү системага салууга, диний билим берүүдө субъекттердин укуктук мамилелерин, мамлекеттик мекемелер, билим берүүнүн диний эмес мекемелери менен өз ара мамилелерин жөнгө салууга, диний окуу жайлардын ишинин түрлөрүн жана формаларын аныктоого жана дин жаатындагы мамлекеттик саясаттын талаптарына ылайык диний бирикмелердин ишинин формаларын тартипке келтирүүгө багытталган.


2. Бул Мыйзам диний билим берүүнү тартипке келтирүүгө, Кыргыз Республикасынын элинин диний жана руханий маданиятын сактоого, диний жана адеп-ахлактык билим берүүгө укуктук кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган.

2-берене. Диний билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Диний билим берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясында, «Кыргыз Республикасында динге ишенүү эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Мыйзамда бекемделген эгемендүүлүктүн, туруктуулуктун жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун принциптерине жана Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдерге, динге ишенүү эркиндиги жана диний билим берүү жөнүндө жана башка нормативдик укуктук актыларга незизделет.

3-берене. Негизги түшүнүктөр

Бул Мыйзамда негизги түшүнүктөр төмөндөгүдөй мааниде колдонулат:

аттестация (программалык) – билим берүү программаларынын мамлекеттик же башка билим берүү программаларына шайкеш келиши;
жекшемби мектеби –жекшемби күндөрү балдарды жана чоңдорду христиандык окуунун негиздерине окутуу;

диний семинария – дин кызматкерлерин даярдоочу христиандык окуу жай;

диний колледж – диний билим берүүчү орто диний окуу жай;

жыйынтыктоочу экзамен – дисциплиналык сынак; бүтүрүүчүнүн теориялык жана практикалык даярдыгын аныктап, атайын сабактарды окуп-үйрөнүүчүлөрдүн топ-топ боюнча билимин текшерүүнү өзүнө камтыйт;

Куранды окуп үйрөнүү боюнча курс – ислам жөнүндө адепки түшүнүктөрдү берүү;

Лицензиялоо – билим берүүчү уюмдарга билим берүү ишине уруксат берүү; максаты мамлекеттик стандарттардын негизинде кепилденген билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу болуп эсептелет;

медресе – орто атайын мусулман окуу жайы; дин жаатында окуучуларды кесиптик даярдоо менен айкалышта жалпы орто билим берүүнүн деңгээлин камсыз кылуучу динге багыт алган окуу жай болуп эсептелет;

пансион (диний) – жеке жана юридикалык жактар тарабынан уюштурулган жана окуучуларга толук мазмунду камсыз кылуучу жатаканасы бар жабык окуу жай;

диний билим берүү программасы – инсандын маданиятын калыптандыруу милдетин чечүүгө, диний багыт алган адистерди даярдоого, инсанды коом турмушуна көнүктүрүүгө, башталгыч, жалпы билим берүүчү жана кесиптик диний програмаларды аңдап тандап алуу жана өздөштүрүү үчүн негиздерди түзүүгө багыт алган программа;

диний билим берүү – динди атайылап окуп-үйрөнүүгө, диний маданиятты билүүгө жана жайылтууга, диний билим берүү программасы боюнча окутулуп жаткандарды кудайга кызмат кылуу ишине даярдоого багытталган диний окуу жайлардын иши;

диний институттар – дин кызматчыларын кесипкөй даярдоочу тар кесиптик билим берүүчү жогорку окуу жай;

диний университеттер – көп кесип берүүнү көздөгөн жогорку диний окуу жайлар;
башталгыч чиркөө мектеби – чектелүү аймактагы чиркөө мектебинин карамагындагы башталгыч мектеп.

2-ГЛАВА
ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ

4-берене. Диний билим берүү укугу

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлктөй абалына, диний ишенимине, саясий жана диний ынанымдарына карабастан башталгыч, орто, жогорку диний билим алууга укугу бар.

5-берене. Диний билим берүү стандарттары

1. Диний билим берүү стандарттары диний билим берүү субъекттери тарабынан иштелип чыгышы жана билим берүү жана диндер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан бекитилүүгө тийиш.
2. Диний билим берүү стандарттары Кыргыз Республикасында аныкталган мамлекеттик билим берүү стандартына негизделиши керек.
3. Бардык билим берүү программарында колдонулуучу негизги талаптар:
1) диний билим берүү программалардын мазмунунда милдеттүү билимдин минималдуу деңгээлинин чегин так-даана аныктоо;
2) окуучулардын максималдуу академиялык жүктөмүн так-даана аныктоо;
3) диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлине коюлуучу талаптарды аныктоо;
4) диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн адистештирүүчү жана квалификациясынын деңгээлин ырастоочу документтердин формаларын аныктоо;
5) окутуучуларга коюлуучу кесиптик талаптарды аныктоо.
6-берене. Диний окуу жайлардын укуктук статусу

1. Диний окуу жайдын финансы-чарбалык ишти жүргүзүү бөлүгүндөгү анын уставында каралган жана билим берүү процессин даярдоого багытталган юридикалык жактан укуктарга диний окуу жайды юстиция органдарында каттаган учурдан тартып ээ болот.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамарында аныкталган диний билим берүү ишин жүргүзүүгө укук жана жеңилдиктер диний окуу жайында эсепке алуу каттоосу жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып пайда болот.

Эсепке алуу каттоосу жөнүндө күбөлүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Диндердин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.

3. Экспертизанын натыйжалары боюнча терс корутунду жана ушуга негизделген диний окуу жайга күбөлүк берүүдөн баш тартуу күбөлүктөрү уюмдаштыруучу тарабынан сот тартибинде талашып-тартылышы мүмкүн.

4. Диний билим берүү жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого контроль билим берүү жана диндер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.

7-берене. Диний билим берүү программалары

1. Диний билим берүү программалары инсандын маданиятын калыптандырууга, тиешелүү квалификациядагы адистерди даярдоого, инсанды коом турмушуна көнүктүрүүгө, башталгыч, жалпы билим берүүчү жана кесипкөй программаларды аңдаштыра тандап алуу жана өздөштүрүү үчүн негиз түзүүгө багытталган.
2. Билим берүү жана диндер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары диний окуу жайлардын ишин инспекциялык текшерүүнү ишке ашырууга, тартип бузмайларды четтетүү жөнүндө көрсөтмө берүүгө, окуу программаларын каттоодон өткөн учурундагы, окуу программалары жана окутуу шарттары сакталбаса, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүүгө укугу бар.

8-берене. Диний окуу жайдын уюмдаштыруучусу

1. Диний окуу жайынын уюмдаштыруучусу мамлекеттик билим берүү программаларынын шарттары сакталса жана окуу жайларын ачууга жана иштетүүгө тиешелүү документтери болсо, каттоодон өткөн диний уюм болушу мүмкүн.

2. Чет мамлекеттердин жараны диний окуу жайына уюмдаштыруучу боло албайт.

9-берене. Диний окуу жайлардын уставы

1. Диний окуу жайдын уставы анын уюмдаштыруучусу тарабынан бекитилет.
2. Диний окуу жайдын уставында булар көрсөтүлөт:
1) уюмдаштыруучунун наамы, турган жери (юридикалык адреси);
2) окуу жайдын предметтери жана максаты;
3) билим берүү боюнча тейлөө кызматтарынын тизмеги;
4) диний билим берүү уюмуна кабыл алуунун тартиби;
5) окуучуларды окуудан чыгаруунун тартиби;
6) окуу процессин уюштуруу, анын ичинде таалим-тарбия берүү тили (тилдери), окуучулардын сабактарынын режими;
7) диний окуу жайдын кызматчыларын комплектөөнүн тартиби, эмгек акы төлөөнүн шарттары жана тартиби;
8) финансы жана чарбалык иштин түзүмү жана тартиби; диний окуу жайдын ишин каржылоонун жана материалдык-техникалык жактан тейлөөнүн булактары;
9) уставын өзгөртүүнүн тартиби;
10) диний билим берүү окуу жайын кайра уюштуруунун жана жоюунун тартиби.

10-берене. Диний билим берүүнүн формасы

1. Кыргыз Республикасында диний билим берүүнүн формасы – күндүз окутуу, окутуунун башка формалары каралбайт.
2. Орто диний жана жогорку окуу жайларда окуучулардын сан-эсеби «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аныкталат.
3. Диний билим берүү программасы боюнча үйдө окутуу фомасына, ошондой эле лицензиялары жок диний курстарды ачууга жана билим берүү мекемелеринен тышкары окутууга жол берилбейт.

11-берене. Диний билим жөнүндө документтер

1. Диний окуу жайлары диний билим алгандыгы жөнүндө тиешелүү документ берилет.

2. Диний окуу жайлары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда лицензиядан жана аттестациядан өтүүгө жана жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө жалпы мамлекеттик билим алуусун улантууга укук берүүчү диний билим жөнүндө тиешелүү расмий документ берүүгө милдеттүү.

3-ГЛАВА
ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ УКУКТУК МАМИЛЕЛЕР

12-берене. Диний окуу жайдын окуучуларынын жана кызматчыларынын укуктары жана милдеттери

1. Диний окуу жайындагы окуучулардын милдеттери жана укуктары ушул Мыйзамда жана Диний окуу жайдын уставында аныкталат.

2. Окуучулар билим берүү программасын толук көлөмдө жүзөгө ашырышы үчүн бардык укуктарга жана милдеттерге ээ, а диний окуу жайды аяктагандан кийин – жалпыга билим берүү сабактары жана тиешелүү квалификацияны ыйгаруу менен катар диний билим алгандыгын ырастаган мамлекеттик үлгүдөгү документти алуу укугуна ээ.

4. Окуучулар диний билим талаптарынын деңгээлинде жалпы билим берүүчү программаларды өздөштүрүүгө, улуттук каада-салттарды сыйлоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте келтирилген зыян үчүн материалдык жана юридикалык жоопкерчилик тартууга милдеттүү.

5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга жашы жете элек Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний билим алуу үчүн чыгышына жол берилбейт.
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга Кыргыз Республикасынын жарандарынын диний билим алуу үчүн чыгышы Кыргыз Республикасынын мыйзамарына ылайык Дин жана билим берүү иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен макулдашылгандан кийин ишке ашырылат.

7. Диний сабактарды берген адамдардын жогорку же орто атайын диний билими болушу керек.

8. Диний окуу жайдын кызматчылары буларга укуктуу.
- өзүнүн кадыр-баркын жана кесиптик ар-намысын коргоого;
- кесиптик ишин жүзөгө ашыруу үчүн тиешелүү шарттарды түзүүнү талап кылууга.

9. Диний окуу жайдын кызматчылары буларга милдеттүү:
- педагогдук этиканын нормаларын сактоого;
- окуучулар тарабынан мамлекеттик нормалардын талаптарынын деңгээлинде билим берүү программаларын өздөштүрүшүн камсыз кылууга;
- -окуучулардын жогорку адептик нормалардагы жүрүм-турумду калыптандырууга;
- окуучуларга карата дене-бой жана моралдык жактан зордук-зомбулук методдорун колдонбоого.

13-берене. Диний окуу жайларын социалдык камсыз кылуу

1. Диний окуу жайлар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана өлчөмдөрдө жүргүзүшөт.

2. Диний окуу жайларда эмгектенген бардык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы негиздерде пенсия дайындалат.

4- ГЛАВА
ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫ КАТТОО,
КАЙРА УЮШТУРУУ ЖАНА ЖОЮУ

14-берене. Диний окуу жайларды каттоо

1. Диний окуу жайлар Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинде, «Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, «Кыргыз Республикасында динге ишенүү жана диний уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана башка нормативдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жөнгө салынат.

2. Диний окуу жайлар дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда эсепке алуу каттоосунан өтөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда лицензия алышат.

15-берене. Диний окуу жайды кайра уюштуруу жана жоюу

1. Диний окуу жайды башка диний же билим берүүчү мекемеге Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кайрадан уюштурууга болот.
Диний окуу жайларды кайрадан уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана диний билим берүүчү мекемелердин уставына ылайык жүргүзүлөт.

2. Диний билим берүүчү мекемени жоюу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасынын «Юридикалык адамдын мамлекеттик каттоосу жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы диний мекемелердин диний ишениминин эркиндиги жөнүндө» Мыйзамына ылайык;

2) диний билим берүүчү мекеменин уставына ылайык;

3) диний иштер боюнча мамлекеттин өкүлү же билим берүү чөйрөсүндөгү өкүлү тарабынан лицензиясыз (күбөлөксүз) окутуп жатса, мыйзам тыюу салган иш-аракет кылса, уставынын максатына туура келбеген же сот органдарынын чечимине ылайык келбеген учурда жабылат.

5-ГЛАВА
ДИНИЙ ОКУУ ЖАЙЛАРЫН КАРЖЫЛОО

16-берене. Диний окуу жайын каржылоонун булактары

Диний окуу жайын каржылоонун булактары булар:

- менчик каражаттары жана окутуу процессинде алынган кирешелер;

- көмөкчү чарбалардан жана өндүрүш ишинен алынган кирешелер;

- кайрымдуулук каражаттары, жеке жана юридикалык жактардын мурастары;

- чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар тарабынан демөөрчүлүк жардам жана кайрымдуулук катары берилген каражаттар;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген жол менен алынган ар кандай башка каражаттар.

17-берене. Диний окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы

Диний окуу жайлардын материалдык-техникалык базасы өзүнө камтыгандар: имараттар, курулмалар, жабдуу-шаймандар, социалдык, билим берүү жана гуманитардык иштин сатылуучу объекттери жана уюмдун ишинин сатууга зарыл башка каражаттары.

6-ГЛАВА
ДИНИЙ БИЛИМ БЕРҮҮ ЧӨЙРӨСҮНДӨГҮ
ЭЛ АРАЛЫК ИШ

18-берене. Эл аралык кызматташтык

1. Диний билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кузматташтык көз карандысыздык, теңдик, өз ара сыйлашуу принциптеринде ишке ашырылат жана улуттук эгемендүүлүккө, коопсуздукка жана Кыргыз Республикасынын коомдук кызыкчылыктарына зыян келтирбеши керек.

2. Диний билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык боюнча иштин түрлөрү:
- чет өлкөлүк өкүлдөрдү убактылуу тартуу;

- диний билимди алуу жана жогорулатуу үчүн окуучуларды чет өлкөгө жиберүү;

- окутуучулардын арасында квалификацияны жогорулатуу жана окутуучулар арасында тажрыйба алышуу боюнча илимий-практикалык иш-чараларды уюштуруу.

3. Кыргыз Республикасынын диний окуу жайларында чет өлкөлүк жарандар сыяктуу эле башка мамлекеттердин диний окуу жайларында Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу, даярдоо, кайра даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, эгерде бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, диний окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдер боюнча ишке ашырылат.

7 ГЛАВА
КОРУТУНДУ ЖОБОЛОР

19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.


Кыргыз Республикасынын
Президенти




«Диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата
Маалымкат-негиздеме

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк жана көз карандысыздык алышы менен коммунисттик идеология кыйрагандан кийин, идеологиялык плюрализмдин, ааламдашуунун шарттарында жарандардын улуттук аң-сезиминин өсүш процесси башталды, ал бардык, ошонун ичинде динге ишенүү эркиндигине тыюу салмайларды жана чектемейлерди алып салды. Коомду демократиялаштыруу, бүткүл постсоветтик мейкиндикте «Динге ишенүү жана диний уюмдар жөнүндө» эң либералдуу Мыйзамдын кабыл алынышы (1991) мамлекеттин аймагында диндердин жана диний конфессиялардын өнүгүшүнө көмөк көрсөттү. Натыйжада бүгүнкү күндө биздин өлкө постсоветтик мейкиндикте катталган диний уюмдардын саны боюнча башкы орундардын бирин ээлейт.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтары боюнча бүгүнкү күндө бүткүл республика боюнча 1648 мечит, 46 православный храм, иуда жана будда жамааты, ошондой эле 30 христиан храмы, анын ичинде 15 протестант багытындагы храм бар, 1800 ислам жана 300 христиан уюму иштейт. Кыргызстанда ошондой эле сатанисттер, Ак Чиркөө, кришнаиттер, Мун чиркөөсү, Фалунгун өкүлдөрү жана башка секталардын өкүлдөрү иштейт. Мындан тышкары Хизбут-Тахрир, Өзбекстандын ислам кыймылы (ИДУ), Акромия сыяктуу экстремисттик багыттагы жашыруун иштеген уюмдар бар. Секталар менен агымдардын так саны ушул убакка чейин белгисиз.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстандын ар кандай секталардан мамлекетти жана коомду идеологиялык жактан коргогонго инструмент болуп бергидей так-даана укуктук жана мыйзамдык базасы жок. Мыйзамдарды буйтап өтүүгө боло тургандыгы жана бүдөмүктүгү ар кандай секталар биздин өлкөдө деструктивдүү ишти жүзөгө ашырышы үчүн ар кандай жолдорду таап кетишине мүмкүндүк берип коет.

Акыркы жылдары биздин көп конфессиялуу өлкөдө динге ишенгендердин ичинен жаштардын эле эмес, жашап эле калган адамдардын бир далайы айрыкча исламдан, салттуу христианчылыктан баш тарткандыгы, б.а. презелитизми – динге ишенгендердин салттуу жамааттардан салттуу эмес диний агымдарга өткөндүгү байкалууда. Прозелитизмдин «гүлдөшүнүн» башкы себептеринин бири – кыргыздардын протестанттык диндерге өтүп, өлкөдө секталардын көбөйүп жатышы өзүнүн динин билбегендиги, калкты диний жактан агартуунун, ошондой эле Кыргызстандын реалийлерине ылайыкталган өзүнүн диний билим берүү системасынын жоктугу эсептелет.

Бугункү күндө Кыргызстан постсоветтик аймакта диний билим берүүчү уюмдардын эсеби боюнча алдыда баратат. Бирок өлкөдө диний билим берүүнүн бирдиктүү стандарттары жок. Биз диний билим берүү светтик билим берүү менен айкалышсын үчүн, ал эми мамлекетке каршы жакшы мамиледе болгон бүтүрүүчүлөр келечекте ислам интеллигенциясынын толукташы үчүн канткенде диний билим берүүнүн сапатын жогорулата алабыз ушул жөнүндө ойлонушубуз зарыл.

Дин социалдык феномен болуу менен социалдык институттардын стабилдүүлүгүнө көмөк көрсөтөт, ал институттарда дин элдин маданиятынын дөөлөттөрүн сактоону жана өнүктүрүүнү камсыз кылып, ушул мурасты кийинки муундарга өткөрүп берүүнү камсыз кылат, мындагы эң башкы баалуулук динде жалпы адамзаттык дөөлөттөр кристалдашкан, буларды руханий кризиске учурап турган кезеңдерде элдин руханий-адеп ахлактык жактан кайра жаралуусу үчүн пайдалануу зарыл.

Өз тарабымдан мен депутат катары «Диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө» Мыйзамдын долбоорун демилге кылам. Бул мыйзам долбоору Кыргызстанда диний билим берүүнүн стандарттарын аныктоого, окуу жайларды, алардын материалдык-техникалык базасын, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний окуу жайларды (борборлорду, өкүлчүлүктөрдү, бөлүмдөрдү) эсепке алуу каттоосун тартипке келтирүүгө, мындан тышкары жашы жете элек балдардын диний билим алуу үчүн иретсиз жана контролсуз чет өлкөгө, диний ЖОЖдорго өзүнүн билим берүү программасын аккредиттөөгө, Кыргыз Республикасынын ДУМКасына ислам диний билим берүүсүн сапаттуу рефомалоого, ошондой эле республиканын динден тышкаркы окуу жайларына өсүп келе жаткан муунду руханий баалуулуктарга тарбиялоо максатында руханий-адеп-ахлак маданиятынын негиздерин киргизүүгө мүмкүндүк берет. Калкка туура диний билим берүү зарыл.

Дин маселелеринде сабаттуу даярдалган жаш адам тигил же бул динге ашкере берилип кеткенден өтө бербейт. Ал сектага өтөр алдында ойлонуп көрөт. Кыргызстанда реформа жасоо жана тезинен диний билим берүүнү өнүктүрүү зарыл. Мамлекеттин диний саясат чөйрөсүндө бийлик позициясын чыңдоо үчүн дин идеологиянын тармагы болорун эске алуу зарыл. Ошон үчүн андагы жүрүп жаткан процесстерге өзүнөн өзү жүрө беришине жол берилбеши керек. Кыргыз Республикасы мамлекеттик-конфессиялык өз ара мамилелердин жаңы моделин реформалашы зарыл, анда мамлекет жана конфессия бул Россияда, Казакстанда, Түркияда болуп жаткандай социалдык чөйрөдө коомдук маанилүү проблемаларды биргелешип чечиши керек.

Кыргызстанда диний билим берүү чөйрөсүндө модерндештирүү маселелери бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болуп эсептелет, анткени динге ишенгендерди радикалдаштыруу жана аларды ушуга түртүүчү шарттар республиканын улуттук коопсуздугу үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн. Калктын диний сабатсыздыгы, эгерде өсүп келе жаткан муунга татыктуу, туура диний билим алууга мүмкүнчүлүк берилбесе, анда келечекте радикалдык топтор аны пайдаланып кетет.

Бүгүнкү күндө сапаттуу диний билим берүү – бул өлкөнүн келечектеги динден тышкаркы жана диний бөлүгүнүн ортосундагы мамилелерди эриш-аркак өнүктүрүү.

Биз тараптан 2008-жылы иштелип чыккан «Диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору эл аралык уюм жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте коомдук талкууга коюлган, ошондой эле 2008-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын расмий сайтына жайгаштырылган. Түшкөн толуктоолордун жана сын-пикирлердин негизинде мыйзам долбоорунун ушул акыркы варианты даярдалган. Мыйзамдын долбоору Россия, Казакстан, Түркия ж.б. сыяктуу өлкөлөрдүн тиешелүү тажрыйбасынын анализин эске алуу менен иштелип чыккан.

«Диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендерлик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келбейт. Андан сырткары бул мыйзам долбоору, башка мыйзамдык актыларга тийгизген жөнгө салуучу таасири жана өзгөртүүлөр жөнүндө анализди талап кылбайт.

Колдонуудагы улуттук нормалардын жана эл аралык мыйзамдардын жүргүзүлгөн анализинин натыйжалары боюнча «Диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун нормаларына карама-каршы келбей тургандыгы аныкталган.

Ушул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдардын чыгышын талап кылбайт.

Депутат К. Осмоналиев



Диний билим берүү жана диний окуу жайлар жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлат (Сунуш-пикирлерди ушул дарекке жолдоңуздар – eborombaeva@kenesh.kg)

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматтары боюнча бүгүнкү күндө бүткүл республика боюнча 1648 мечит, 46 православный храм, иуда жана будда жамааты, ошондой эле 30 христиан храмы, анын ичинде 15 протестант багытындагы храм бар, 1800 ислам жана 300 христиан уюму иштейт. Кыргызстанда ошондой эле сатанисттер, Ак Чиркөө, кришнаиттер, Мун чиркөөсү, Фалунгун өкүлдөрү жана башка секталардын өкүлдөрү иштейт. Мындан тышкары Хизбут-Тахрир, Өзбекстандын ислам кыймылы (ИДУ), Акромия сыяктуу экстремисттик багыттагы жашыруун иштеген уюмдар бар. Секталар менен агымдардын так саны ушул убакка чейин белгисиз.

Бугункү күндө Кыргызстан постсоветтик аймакта диний билим берүүчү уюмдардын эсеби боюнча алдыда баратат. Бирок өлкөдө диний билим берүүнүн бирдиктүү стандарттары жок. Биз диний билим берүү светтик билим берүү менен айкалышсын үчүн, ал эми мамлекетке каршы жакшы мамиледе болгон бүтүрүүчүлөр келечекте ислам интеллигенциясынын толукташы үчүн канткенде диний билим берүүнүн сапатын жогорулата алабыз ушул жөнүндө ойлонушубуз зарыл.

Бул мыйзам долбоору Кыргызстанда диний билим берүүнүн стандарттарын аныктоого, окуу жайларды, алардын материалдык-техникалык базасын, ошондой эле Кыргыз Республикасындагы чет өлкөлүк диний окуу жайларды (борборлорду, өкүлчүлүктөрдү, бөлүмдөрдү) эсепке алуу каттоосун тартипке келтирүүгө, мындан тышкары жашы жете элек балдардын диний билим алуу үчүн иретсиз жана контролсуз чет өлкөгө, диний ЖОЖдорго өзүнүн билим берүү программасын аккредиттөөгө, Кыргыз Республикасынын ДУМКасына ислам диний билим берүүсүн сапаттуу рефомалоого, ошондой эле республиканын динден тышкаркы окуу жайларына өсүп келе жаткан муунду руханий баалуулуктарга тарбиялоо максатында руханий-адеп-ахлак маданиятынын негиздерин киргизүүгө мүмкүндүк берет. Калкка туура диний билим берүү зарыл.

Кыргызстанда диний билим берүү чөйрөсүндө модерндештирүү маселелери бүгүнкү күндө абдан актуалдуу болуп эсептелет, анткени динге ишенгендерди радикалдаштыруу жана аларды ушуга түртүүчү шарттар республиканын улуттук коопсуздугу үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн. Калктын диний сабатсыздыгы, эгерде өсүп келе жаткан муунга татыктуу, туура диний билим алууга мүмкүнчүлүк берилбесе, анда келечекте радикалдык топтор аны пайдаланып кетет.

Бүгүнкү күндө сапаттуу диний билим берүү – бул өлкөнүн келечектеги динден тышкаркы жана диний бөлүгүнүн ортосундагы мамилелерди эриш-аркак өнүктүрүү.

Мыйзамдын долбоору Россия, Казакстан, Түркия ж.б. сыяктуу өлкөлөрдүн тиешелүү тажрыйбасынын анализин эске алуу менен иштелип чыккан.

21-03-2016, 13:56 | Категория - Укуктук база |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top