Кирүү | Катталуу

А.Атамбаев: “Диний чөйрөдө абийир эркиндигинин жана адам укугунун негизги принциптерин эске алуу менен мамлекеттик жөнгө салуу күчөтүлөт”

А.Атамбаев: “Диний чөйрөдө абийир эркиндигинин жана адам укугунун негизги принциптерин эске алуу менен мамлекеттик жөнгө салуу күчөтүлөт”

Бүгүн, 2014-жылдын 3-ноябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өткөрүлдү.Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы 2014-жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин мүчөлөрү өлкөдөгү диний чөйрөдөгү кырдаалды карагандыгын эске салды. “Бирок акыркы айларда диний чөйрөдөгү кырдаал дүйнөдө тез өзгөрдү. Жакынкы Чыгыштагы акыркы окуялар, Ислам мамлекети деп өздөрүн атагандардын түзүлүшү, экстремисттердин адамдык эң жөнөкөй ченемдерге төп келбеген аракеттери биздин ыкмаларыбызды, мамлекеттик-конфессионалдык өз ара аракеттенишүүнүн принциптерин жана ыкмаларын түп тамырынан бери кайра карап чыгууга мажбур кылууда”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы Коргоо кеңешинин февралдагы чечими менен диний чөйрөдө мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобу түзүлүп, ага 2014-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын Концепциясын иштеп чыгуу милдети тапшырылган. “Курамына мамлекеттик органдардын, эксперттик коомчулуктун жана диний уюмдардын өкүлдөрү кирген жумушчу топ жарым жылдан ашуун Концепциянын үстүндө иштеди, бардык региондордо, борбор шаарыбызда талкуу өткөрүлдү. Сунушталган Концепциянын долбоорунда Кыргызстан адам укугунун абийир жана дин тутуу эркиндигинин негизги принциптерин бекем тутаары ырасталат”, - деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы Концепцияда азыркы Кыргызстандын шартында алгачкы ирет «светское государство» деген түшүнүк ачылып берилген. Конституцияга таянып, документте мамлекеттин ишине дин аралашпаган деген түшүнүк, дин мамлекеттик башкарууга кийлигишпейт дегенди билдирээри так айтылат, деп белгиледи Алмазбек Атамбаев.

“Ошол эле учурда мамлекет жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга жооптуу болгондуктан, мыйзам бузуулар катталган учурларда катуу жана ыкчам чараларды көрүүгө укуктуу. Андан тышкары, бул жерде сөз улуттук коопсуздук маселелери тууралуу жүрүп жаткандыктан, мамлекет тарабынан жөнгө салуу иштери күчөтүлөт”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы өлкө үчүн маанилүү мындай документ Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында кабыл алынып жаткандыгынын маанисин белгилеп өттү. Президент бул стратегиялык маанилүү документти ишке ашыруу диний чөйрөнүн толук кандуу өнүгүшүнө, ошондой эле конфессиялар аралык диалогду чыңдоого, толеранттуулукка жана динге урмат менен мамиле жасоого өбөлгө болооруна ишенимин билдирди.

“Радикалдуу исламдаштыруу, белгилүү болгондой, чыныгы исламга эч тиешеси жок. Радикалдар жалпы мусулман дүйнөсүнө чоң тобокелчиликти алып келет. Бир катар обьективдүү жана субъективдүү факторлордон улам кыргыздарга өзгөчө коркунуч туудуруп, кайра жаралууну баштан кечирип жаткан кыргыз элинин кайталангыстыгына коркунуч келтирет. Ошондуктан мен бул маселе боюнча өзгөчө кайрылуу жасайын деп чечтим”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Дүйнөдө ислам динин туткан эл көп. Алардын баары эле ислам динин бирдей шартта, окшош кырдаалда кабыл алган эмес. Дин кабыл алууда кырдаал ар кандай болорун Мухаммед пайгамбар алдын ала түшүнүп, зордук менен ислам динине киргизүүгө тыюу салган. Ошону менен бирге пайгамбарыбыз мусулманчылыктын жолуна түшкөн элдин үрп-адатына, салтына, руханий байлыгын сактап турган улуттук өзгөчөлүгүнө, маданий жөрөлгөлөрүнө жолтоо болчу жосундарга да уруксат берген эмес. Кыскасы, ислам менен аны кабыл алган элдин руханий дөөлөттөрү эриш-аркак, бири экинчисин кемсинтпей, сый-урматта өнүгүүсү зарыл. Коомдо ыймандуулукка жол ошондой шартта гана кенен ачылмак. Улуттун руханий дөөлөттөрү дегенде эмнени түшүнөбүз? Ал биздин Айкөл Манас атабыз жөнүндө дастан, айлана-чөйрөгө мамиле, комуз, ыр-күүлөр, кыргыз бийи, боз үй, кыяк, чоор, ат оюндары, тамак-аш, үрп-адат, оймо-чийме, шырдак, башыбыздагы ак-калпак, үстүбүздөгү кийим-кече, жана албетте, эне тили”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы бул руханий байлыктарды жана улуттук өзгөчүлүктөрдү сактоо үчүн аларды башка ченемдер, анын ичинде диний ченемдер тоскоолдук болбош керек экендигин белгиледи. “Мындай тагдырга дуушар болуш кыйын деле эмес. Динге гана багыт алып, руханий дөөлөттөрүбүздү четинен жогото берсек, бара-бара эл болуудан калабыз. Аны элес албай кийген кийимибизден баштап улуттук өзгөчөлүктөрүбүздү, руханий дөөлөттөрүбүздү четинен сүрүп жоготчуларга моюн сунуп, ооп кетсек, бара-бара эл болуудан калабыз. Айталык, мусулмандын кийими деп хиджабды, шалбыраган боз дамбалды эсептеп алсак, анда эмне, кыргыздын улуттук кийимин кийгендерди же болбосо күнүмдүк жашоо-тиричиликке ылайыктуу кийингендерди мусулман дебей, каапыр дейбизби?! Деги эле "мусулман кийими", "мусулман эместин кийими" дегендей чектөө жок ыйык Куранда! Исламда жарашыктуу, таза кийинүү талап кылынат”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Адам сакал өстүрүп, дамбал кийип, намаз окуса эле мусулман болуп калбайт. Тескерисинче, биз көрүп жатабыз, бул сакалчандар, дамбалчандар Жараткандын атын жамынып, «Аллах Акбар» деп кыйкырып, жер көтөргүс кандай күнөөлөрдү жасап жаткандарын. Бейкүнөө адамдарды өлтүрүп, кыз-келиндерди уурдап, зордуктап”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы мусулман экендигин адам өз иштери менен, жүрөгүнүн тазалыгы менен, билими менен, адеп-ахлак, жүрүм-туруму менен далилдеш керектигин айтты.

“Кыргыздар исламды өз менталитетине жараша кулк-мүнөзүнө, жашоо шартына, дүйнө таанымына ылайыктап, байыртан башынан өткөн тарыхий оош-кыйыштардын оң-тетири жактарын эске алуу менен акыл калчап, он өлчөп, бир кесип, боюбузга сиңирген калкпыз. Бул жагдайда биз эч бир элди туурабаган, диний фанатизми жок, Алла Тааланын амирине моюн сунган эл элек. Эми ал жолубуздан адаштыргысы келгендер күчөгөндөн күчөп баратат. Айрым молдолордун, саясатчылардын жан үрөп жүргүзгөн аракеттери өлкөбүздү ашкере исламдаштыруу экенин байкоо кыйын эмес. Бул багытка алдырсак, калк арасында диний фанатизмдин орношу оңой. Ошону менен бирге ашкере исламдашуу дегендин төркүнүндө кыргыздарды улуттук өзгөчөлүктөрүн унуткарып, манкуртташтыруу максаты турганын көңүлдөн чыгарбайлы. Белгилүү саясатчы Орозо айт менен Курман айт гана майрам деп, калган майрамдардын баарын, Ноорузду, Жаңы жылды кошуп, исламга жат жосундар катары жарыялап салды. Аны ээрчип, Жаңы жылды майрам деш мусулман динине каршы деген молдону да көрдүк теледен. Жаңы жылды кыргыздар баарыбыз майрамдай тособуз, анда эмне, баарыбыз каапырбызбы? Эгемендүүлүк күнү, Жеңиш күнү, Нооруз жана башка майрамдарыбыз да бар. Өтө көп болсо азайталык, бирок, ата-бабаларыбыздан мурас катары калган, тарых тартуулаган жана улуттук мааниге ээ майрамдарды динге каршы коюп, үгүт жүргүзүү жакшылыкка алып барбайт”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы ашкере исламдашуу дегендин төркүнүндө кыргызды манкурт кылуунун дагы бир амалы, улуттук касиетти жоготуу максаты тургандыгын белгиледи. “Дагы бир акылга сыйбаган нерсе, кээ бир молдолор тарабынан Манас атабызды Жаратканга каршы коюп жатканы. Кичинеден баштап, элди акырындан манкурт кылгысы келген молдолор бар. Бул сөзүмдү даярдаганга жардам берген аксакалыбыз Бексултан Жакиевдин бир мисалын келтирейин. Радиодогу берүүлөрдүн биринде «халал» жөнүндө сөз болуптур. Берүүнүн алпаруучусу «халал - кыргызча адал, харам - кыргызча арам», ошондуктан «адал» эле дебейбизби деп сунуш айтса, маекке катышкан молдо оозу-мурду кыйшайбай туруп, «курандын тилинде сүйлөөгө милдеттүүбүз» деп жооп бериптир! Антип айтканын араб тилине өтөлү деп түшүнүшүбүз керек да?! Биз мындайды Совет доорунда өткөнбүз. Совет кезинде бир топ жазуучулар, аткаминерлер Ата-мекен десе болбойт, Лениндин тилинде Родина деп айтышыбыз керек деп сүйлөгөндөрү эсимде! Тилин жоготкон эл – эл эмес!”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысы кыргыздар эзелтен ислам динин кабыл алгандыгын белгиледи. “Демек, мусулман калкпыз. Мухаммед пайгамбардын жолун жолдоп, осуятын колдоп, кыргыздын каада-салтын да жоготпой Алла Тааладан ырайым тилеп, Жаратканга жалынган мусулманбыз. Бирок, кыргыз элинде эч качан диний фанатиктер, ашкере динчилер болгон эмес. Аталарыбыз да Ханафи мазхабын бекеринен тандаган эмес. Ханафи мазхабынын негизги өзгөчөлүгүн дагы бир жолу баса белгилегим келет. Азыркы тил менен айтканда - бул толеранттуулук”, -деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы 90 жыл мурда улуу Ата түрк улутун, түрк тилин сактап калыш үчүн Куран түрк тилинде окулсун, азан түрк тилинде чакырылсын деп жарлык чыгарууга мажбур болгондугун айтты. Мындан тышкары тил реформасын жүргүзүп, түрк тилин бир топ тазалаган. Түрк элине таандык эмес баш кийимге да,фескага тыюу салгандыгын белгиледи.

Мамлекет башчысы айрым молдолорго, саясатчыларга кыргыз элин ушундай кадамдарга мажбур кылбагыла деп кайрылды. “Кыргыз элине бирөөнүн кийимин, тилин, үрп-адатын таңуулабагыла! Кыргыз эли, кыргыз жери жакпаса, ошо сизге жаккан элдерге, өлкөлөргө барып жашагыла, эч ким каршы эмес. Биз мусулманбыз. Ислам дини дүнүйөдө дайыма болооруна ишенебиз. Бирок, ошол эле учурда биз кыргызбыз! Кыргыз эли, кыргыз тили да дүйнөдө дайыма болсун деп тилейбиз”, - деди Алмазбек Атамбаев.

“Ошондуктан биз элибизди, жерибизди, тилибизди, дилибизди коргоп, сактап калуу үчүн эң чечкин кадамдарга даярбыз! Муну эч ким унутпасын!”, - деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Сөзүнүн аягында Мамлекет башчысы бүгүн кабыл ала турган Концепция жана мамлекеттик уюмдардын мамлекеттик дин саясатын ишке ашыруу багытында мындан аркы иштери ушул талаптарга жооп бериш керектигин белгиледи.

Андан соң Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиевдин жана диний изилдөөлөр борборунун илимий-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Индира Асланованын баяндамаларын угушту.
2014 - 2020-жылдары Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун талкуулоодо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын төрагасы Феликс Кулов дагы чыгып сүйлөштү.
Талкуунун жыйынтыгында айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин мүчөлөрү 2014 - 2020-жылдары Кыргыз Республикасынын диний чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын Концепциясынын долбоорун жактырышты.

Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жыйынында экинчи маселе боюнча Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча докладдары угулду. Талкуу аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин мүчөлөрү айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен тиешелүү чечим кабыл алышты.

21-03-2016, 14:01 | Категория - Укуктук база |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top