Кирүү | Катталуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы
«Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө Коргоо кеңешинин чечимин ишке ашыруу тууралуу» Жарлык


Жарлыкта 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши 2014-жылдын 3-февралында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө маселени карап чыкты жана эгемендиктин биринчи жылдарында калыптанган диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуудан мамлекеттик органдардын обочолонушунун практикасы жаңылыш деп тааныганы айтылат.


Адамдын укуктарын жана дин тутуу эркиндигин камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунун негизинде диний уюмдардын ишин жөнгө салуунун так системасын түзүү зарылдыгы мамлекеттин биринчи кезектеги милдети деп аныкталды.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө чечимин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20, 32, 45, 60 жана 65-беренелерин, “Кыргыз Республикасындагы дин тутуунун эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин жетекчиликке алынып, төмөнкүдөй токтом кылынат:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик уюмдарына жана мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты реформалоо боюнча жумушчу тобуна Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2014-жылдын 3-февралындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жөнүндө чечиминде аныкталган милдеттерди аткарууга жана чараларды ишке ашырууга кечиктирбестен киришүү милдети тапшырылды.

Жарандык коомдун уюмдарына, диний уюмдарга, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгына өздөрүнүн практикалык ишин конфессиялар аралык ынтымакты жана диний сабырдуулукту бекемдөөгө багыттоо, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин жогоруда аталган чечиминен келип чыккан милдеттерди аткаруу боюнча мамлекеттик органдар менен өз ара жигердүү аракеттенүү сунуш кылынды.

Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына жүктөлдү.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

21-03-2016, 13:59 | Категория - Укуктук база |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top