Кирүү | Катталуу

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Билим берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. Билим берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Бишкек шаары, 2003-жылдын 30-апрели N 92
Билим берүү жөнүндө


(КР 2006-жылдын 28-декабрындагы N 225, 2007-жылдын 31-июлундагы N 111, 2007-жылдын 31-июлундагы N 115, 2009-жылдын 20-январындагы N 10, 2009-жылдын 17-июнундагы N 185, 2010-жылдын 15-январындагы N 2, 2011-жылдын 13-июнундагы N 42, 2011-жылдын 8-августундагы N 150, 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255, 2012-жылдын 29-декабрындагы N 206, 2013-жылдын 4-июлундагы N 110, 2013-жылдын 30-июлундагы N 176, 2013-жылдын 5-ноябрындагы N 199, 2013-жылдын 16-декабрындагы N 221, 2014-жылдын 30-майындагы N 82, 2014-жылдын 18-июлундагы N 144 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)


Ушул Мыйзам билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын, билим берүү процессин жүзөгө ашыруунун, билим берүү уюмдарынын ишинин, Кыргыз Республикасында билим алуунун принциптерин белгилейт, ошондой эле аны жүзөгө ашыруунун укуктук базасы болуп кызмат кылат.


3-берене. Билим алуу укугу

Кыргыз Республикасынын жарандары жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө, дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим алышат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери

Билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылык берилген стратегиялык багыты болуп саналат.

Кыргыз Республикасында билим берүү эл аралык келишимдерде жана пактыларда, Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясында жарыяланган принциптерге, демократиянын жана элдин гумандуу баалуулуктарына, дүйнөлүк маданияттын принциптерине негизделет. Билим берүүнү уюштуруунун негизги принциптери болуп төмөндөгүлөр саналат:

- Кыргыз Республикасынын бардык жарандарынын сапаттуу билим алуу укуктарынын теңдиги;
- ар бир жарандын милдеттүү жана акысыз баштапкы жана негизги жалпы билим алуу, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларда акысыз орто жалпы билим алуу; мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын чегинде мамлекеттик окуу жайларында акысыз кесиптик, атайын орто жана жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү;
- акы төлөө негизинде, анын ичинде мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуу мүмкүнчүлүгү;
- билим берүүнүн гумандуу мүнөзү, улуттук маданий байлык менен шайкеш келген жалпы адамзаттык баалуулуктарга артыкчылык берүү, жарандуулукка, эмгекти, үй-бүлөнү, Ата Мекенди, айлана-чөйрөнү сүйүүгө, патриотизмге жана адам укуктары менен эркиндиктерин урматтоого тарбиялоо;
- ата мекендик, дүйнөлүк илимдин жана эл аралык тажрыйбанын жетишкендиктерине багыт алуу;
- билим берүү процессинин ырааттуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;
- билим берүүнүн саясий жана диний институттарга көз карандысыздыгы;
- окутуунун, тарбия берүүнүн типтери жана формалары, иш багыттары, менчик формалары жагынан билим берүү уюмдарынын көп түрдүүлүгү;
- мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуунун динден тышкаркы мүнөзү;
- орто жалпы билим берүүнүн жалпыга жетимдүүлүгү, билим берүү тутумундагы окуп жаткандардын өсүп-жетилүүсүнүн жана даярдыгынын деңгээли менен өзгөчөлүктөрүнө шайкеш келиши;
- окуп жатышкандардын өзгөчө зээндүүлөрүнүн чыгармачылыгы тынымсыз өсүүсү үчүн шарттарды түзүү;
- билим берүүнүн мамлекеттик эмес түзүмдөрүнүн иштөө мүмкүнчүлүгү;
- билим берүү уюмдарынын академиялык эркиндиги, академиялык ак ниеттиги.
(КР 2012-жылдын 29-декабрындагы N 206 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

33-берене. Окуучулардын өзгөчө контингентик социалдык жактан коргоо

Мамлекет курагына, жынысына, этностук жана диний таандуулугуна, окуудагы жетишкендиктерине, социалдык-экономикалык статусуна карабастан балдарды жалпы билим берүү процессине тартуу боюнча аларды социалдык жактан коргоо саясатын жүргүзөт жана жетим балдарды, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды мамлекеттик камсыздоого алат.

Балдар үйүнүн тарбиялануучулары жалпы негизги билим (орто жалпы билим) алгандан кийин акысыз кесиптик башталгыч билим алуу укугуна ээ болушат.
Дене-боюнун же акыл-эсинин өсүшү жагынан кемчилдиги бар балдар үчүн аларды дарылоону, тарбиялоону жана окутууну, социалдык жактан байыр алууну жана коомго жуурулушууну камсыз кылуучу атайын топтор, класстар же уюмдар уюштурулат.
Дене-боюнун же акыл-эсинин өсүшү жагынан кемчилдиги бар балдар үчүн уюмдарды ачуу жана жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.

Балдарды мындай уюмдарга жиберүү медициналык комиссиянын корутундусу боюнча жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) макулдугу менен белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Бул уюмдарга жиберилген балдардын категориясы, ошондой эле аларды мамлекеттин толук камкордукка алышы тийиштүү медициналык комиссиялар тарабынан аныкталат.

Социалдык жактан коркунуч туудурган жана тарбия берүү менен окутуунун өзгөчө шарттарына муктаж болгон балдар үчүн аларды окутууну, кесиптик даярдоону жана медициналык-социалдык жактан калыбына келтирүүнү камсыз кылуучу атайын окутуу-көмөкчү уюмдары түзүлөт.
Балдарга социалдык коркунуч туудурган жана өзгөчө тарбия берүүгө жана окутууга муктаж болгон окуучуларды балдар уюмдарына жиберүү соттун чечими боюнча гана жүзөгө ашырылат.

Түзөтүү-эмгек мекемелеринде жаткан балдар үчүн ошол уюмдардын администрациясы жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүн мамлекеттик башкаруу борбордук органы тарабынан жалпы негизги жана кесиптик башталгыч билим берүү, ошондой эле өз алдынча билим алуу үчүн шарттар түзүлөт.
(КР 2013-жылдын 30-июлундагы N 176 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

39-берене. Билим берүү уюмдарынын коомдук, саясий, диний уюмдар, ассоциациялар жана союздар менен өз ара мамилеси

Билим берүү тутумунда коомдук уюмдар менен бирикмелер (союздар, академиялар, кесиптик ассоциациялар, окуу-усулдук бирикмелер окуу-усулдук, окуу-техникалык жана башка кеңештер менен уюмдар) түзүлүшү мүмкүн.

Билим берүү уюмдарында саясий жана диний партияларды жана уюмдарды түзүүгө тыюу салынат.
Билим берүү уюмдарынын кызматкерлери, студенттери, окуучулары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каттоодон өткөн саясий партиялардын жана уюмдардын мүчөсү болууга укугу бар.

Иши билим берүү уюмдарынын ишинин негизги багыттарына ылайык келген коомдук уюмдар менен болгон өз ара мамилелер келишим негизинде жөнгө салынат.

Мамлекеттик билим берүү уюмунун камкорчулук кеңеши өз ишин мамлекеттик билим берүү уюму тарабынан уставдык максаттарына жетүүсү үчүн жүзөгө ашырат.

(КР 2011-жылдын 29-декабрындагы N 255, 2014-жылдын 30-майындагы N 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-03-2016, 14:22 | Категория - Укуктук база |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Октябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top