Кирүү | Катталуу

Аймактарды кыдыруу уланууда...

Аймактарды кыдыруу уланууда...
“Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан саамалык Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Кочкор жана Жумгал райондорунун райборборлорунда жана Нарын шаарында өттү.

Аймактарды кыдыруу уланууда...

“Дин жана коопсуздук” долбоорунун алкагында жоокерлер менен жолугушуулар болууда...

“Дин жана коопсуздук” долбоорунун алкагында жоокерлер менен жолугушуулар болууда...
“Ыйман” фонду “Дин жана коопсуздук” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын жоокерлери менен жолугушууларды өткөзүүдө.

“Дин жана коопсуздук” долбоорунун алкагында жоокерлер менен жолугушуулар болууда...

Элибиздин руханий дараметин көтөрүүгө багытталган аракеттер токтобойт...

Элибиздин руханий дараметин көтөрүүгө багытталган аракеттер токтобойт...
Өлкө жетекчибиз С. Жээнбековдун 2018-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген жарлыгына ылайык “Ыйман” фонду элибиздин ынтымагын бекемдөөгө, руханий, интеллектуалдык дараметин көтөрүүгө багытталган иш-чараларды өлкөбүздүн баардык региондорунда уюштурууда.

Элибиздин руханий дараметин көтөрүүгө багытталган аракеттер токтобойт...

“Мекенибиз жүзүбүз!” – окуу жайлар арасында эстафета түрүндө старт алды

“Мекенибиз жүзүбүз!” – окуу жайлар арасында эстафета түрүндө старт алды
Коомубузда түкүрүнүү, таштанды таштоо жана коомдук жайларда уят сөз сүйлөө сыяктуу терс көрүнүштөрдөн арылтууга багытталган “Мекенибиз жүзүбүз!” (Жүзүмө түкүрбө, мекендешим!) аталышындагы акция Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлар арасында эстафета түрүндө старт алды.

Окуу жайлар аралык улана турчу саамалык алгач 31-март күнү Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өттү. Окуу жайдын жыйындар залында башталган иш-чарага окуу жайдын студенттери, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

“Башкасын билбейм, ата менен эненин батасын алалы...”

“Башкасын билбейм, ата менен эненин батасын алалы...”
Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде КРнын Ички Иштер министрлигинин Академиясында “Ыйман” диний маданиятты фондунун төрагасы курсанттар менен жолукту.

“Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында өткөн жолугушууну Академиянын Социалдык иштерди уюштуруу жана жалпы маалыматтык каражаттар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Афтандил Камчыбекович ачып берди.

Өлкөнүн имамдары профессионалдык дараметин жогорулатууну улантууда

Өлкөнүн имамдары профессионалдык дараметин жогорулатууну улантууда
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду “International Alert” уюму менен биргеликте Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Дин жана демократия боюнча конструктивдуу пикир алышуу” долбоорун алкагында окууну уланып жатат.

“Бир атуулга - бир дарак”

“Бир атуулга - бир дарак”
“Ыйман” фонду өкмөттүн “Таза жашоо” программасынын алкагында Бишкек шаарынын карылар үйүнүн айланасында ишембилик өткөрүп, көчөттөрдү отургузду.


“Китеп camp” жарманкеси өттү

“Китеп camp” жарманкеси өттү
17-18-март күндөрү “Ыйман” фондунун “Интеллектуалдык инвестиция” жана “Калем жана ыйман” долбоорунун алкагында Ош шаарында “Китеп camp” (Китеп кэмп) жарманкеси болуп өттү. Жарманкеге 2 күндө 1000 ге жакын жаштар катышты.


«Ыйман» фонду менен КМДБ аялдарга дин негиздерин үйрөтүү боюнча бирдиктүү иш алып барышат.

«Ыйман» фонду менен КМДБ аялдарга дин негиздерин үйрөтүү боюнча бирдиктүү иш алып барышат.
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө "Ыйман" фонду жана КМДБ биргеликте аткара турган өлкө аймагындагы аялдардын диний билим деңгээлин жогорулатууга багытталган долбоорду талкуулашты.

“Юридикалык диплом менен бирге адеп-ыймандын да дипломун алып чыксаңар...”

“Юридикалык диплом менен бирге адеп-ыймандын да дипломун алып чыксаңар...”
1-март күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери менен жолугушту.

Өлкөнүн имамдары профессионалдык дараметин жогорулатууну улантууда

Өлкөнүн имамдары профессионалдык дараметин жогорулатууну улантууда
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү коомдук фонду “International Alert” уюму менен өнөктөштүктө 2017-жылдын февраль айынан баштап Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Дин жана демократия боюнча конструктивдуу пикир алышуу” долбоорун ишке ашырып жатышат.

“Улут болсом тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун...”

“Улут болсом тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун...”
“Ыйман” фонду 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Улут болсом тилим менен улутмун, Улук болсом тилим менен улукмун...” темасында семинар жолугушуу өткөрдү.

Фонддун төрагасы TED форматындагы семинарда сүйлөдү

Фонддун төрагасы TED форматындагы семинарда сүйлөдү
2018-жылдын 17-февраль күнү Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков TED KG форматында өткөн семинарда “Кесипкөйлүктү кантип күчөтүү керек” деген темада сөз сүйлөдү.

2018-жылдын май айында жасалган иштер

2018-жылдын май айында жасалган иштер
01.05.18 – “Ыйман” фондунун Түштүк аймагы боюнча координатору А. Атамкулов “Мы волонтеры Кыргызстана” уюмунун ыктыярчыларына “Важность того что мы делаем” деген темада семинар өттү;

03.04.2018 - Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында “Адеп державасы” семинарын өттү;

05.05.2018
- Тогуз-Торо районунун Казарман айылында өткөн “Келечекке кең көз караш” форумунда фонддун төрагасы Н. Кадырбеков “Адеп державасы”, “Ынтымак” темасында семинар өттү;

07.05.2018 - Аян ТВнын орозого карата чыгып жаткан сукпат программасында билим тууралуу маекке фонддун төрагасы Н. Кадырбеков катышты;

07-08.05.2018 – “Ыйман” фондунун Ош шаарындагы ыктыярчылары үчүн Бишкек шаарына саякат жана семинарлар уюштурулду;

07.05.2018 - Н. Кадырбеков Марал ФМ радио жана теле каналында конокто болду;

07.05.2018 - Фонддун төрагасы Н. Кадырбековдун “А.Салымбековдун фондунун” “Кыргызстан жаш лидерлери” программасына катышып жаткан жаштар менен жолугушуусу болду;

10.05.2018 – Фонддун өкүлдөрү Ош МУнун Теология факультети уюштурган орто кылымдын белгилүү ислам аалымы Али бин Осмон Аль-Ошийге арналган Эл аралык илимий практикалык конференцияга катышты;

11.05.2018 – Жалал-Абад шаарында “Жалал-Абад жаштары” уюштурган иш-чарада фонддун төрагасы студенттер менен жолугушту;

11.05.2018 – “Дин жана демократия ортосунда конструктивдүү диалог” долбоорунун Диалог Платформасынын экинчи жолугушуусу болду;

11.05.2018 - ОшМУнун теология факультетинин бүтүрүүчү айымдары менен фонддун долбоор боюнча координатору Т. Өкөнбаева жолугушту. Жолугушууда теолог айымдарга «Ыйман» фондунун аялдардын диний сабаттуулугун жогорулатуу долбоору жөнүндө маалымат берилди;

12.05.18 - Ош облустук китепканасында “Китепкөй улут” акциясы болуп өттү;

12-13.05.2018 – “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата жана “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Аксы райондорунун райборборлорунда жана айылдарында жергиликтүү тургундар жана мектеп окуучуларына фонд төрагасы Н. Кадырбековдун “Адеп державасы” жана КРнын Эмгек сиңирген мугалими Г. Мадаминовдун “Энелер мектеби” менен семинарлары өтүлдү;

14.05.2018 – Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков КРнын ЖКнын депутаты Жанар Акаевдин демилгеси менен Ош шаарынын Драм театрында өткөрүлгөн “Жаштар платформасы” мотивациялык жолугушуусунда сөз сүйлөдү;

17.05.18 – Кара-Кулжа району, Чалма айыл өкмөтүндө жана Буйга айылында окуучулар менен жолугушуу өтүп, фонддун китептеринин жана фильмдеринин, insan media каналынын, insan.kg сайтынын презентациялары болду;

17.05.2018 – Бишкек шаарындагы №2 орто мектебинде “Ыйман” фондунун жаңы тартылган тасмаларынын презентациясы жана чакан семинар өтүлдү;

18.05.2018. Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков “Марва ТВ” телеканалында түз эфирде орозо, ыйман темасында маек курду;

18.05.18 – Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндө окуучулар менен жолугушуу, “Менин согушум эмес” фильминин жана китептердин презентациясы, “Ислам - тынчтыктын дини” аттуу семинар болду;

19.05.2018 – “Ала-Тоо” жаңы конушунда “Жаштарды өнүктүрүү институту” тарабынан уюштурулган мотивациялык жолугушууда фонддун өкүлү Т. Муратбеков мектеп окуучуларына сөз сүйлөдү;

19.05.2018
. Фонддун төрагасы Н. Кадырбеков И. Арабаев атындагы КМУда өткөн “Ыйман – кечээ, бүгүн жана эртең” темасындагы ой-ордо талкуусуна катышып, сөз сүйлөдү;

19.05.18 – Ош облустук китепканасында “Китепкөй улут” акциясы болуп өттү. Конокто “Максимум прогресс” окуу борборунун жетекчиси Чыңгыз Таалайбеков болду.

“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков ТИКАнын Кыргызстандагы директору Али Муслу менен жолугушту

“Ыйман” фондунун төрагасы  Нуржигит Кадырбеков ТИКАнын  Кыргызстандагы  директору Али Муслу менен жолугушту
“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков 24-январда Түркиялык кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы директору Али Муслу менен жолугушту.

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top