Кирүү | Катталуу

Дин кызматкерлеринин атайын формасын (кызматтык кийимин) жана мусулман айымдар үчүн улуттук колориттеги кийимдин жасалгасын иштеп чыгууга сынак жарыялайт

Дин кызматкерлеринин атайын формасын (кызматтык кийимин) жана мусулман айымдар үчүн улуттук колориттеги кийимдин жасалгасын иштеп чыгууга сынак жарыялайт
“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы(КМДБ) Кыргыз Республикасындагы дин кызматкерлеринин атайын формасын (кызматтык кийимин) жана мусулман айымдар үчүн улуттук колориттеги кийимдин жасалгасын иштеп чыгууга сынак жарыяланды. Сынакка кабыл алуу 2017 - жылдын 1- майга чейин уланат.

“Жүзүмө түкүрбө, Мекендешим!” акциясы Баткен шаарында

“Жүзүмө түкүрбө,  Мекендешим!” акциясы Баткен шаарында
Баткен шаарында “Ыйман” фонду “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Жүзүмө түкүрбө, Мекендешим!” акциясын өткөрдү. Акцияга жаш активисттер, студенттер, БатМУнун ректору - Зулпуев Абдувап, Ыйман фондунун төрагасы - Кадырбеков Нуржигит, КРнын эмгек сиңирген артисти - Саламат Садыкова, КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары - Чынар Саттарова, Жалал-Абад мамлекеттик телерадио компаниясынын жетекчиси - Алдакулов Тургунбай катышты.

“Жүзүмө түкүрбө – Мекендешим!”

“Жүзүмө түкүрбө – Мекендешим!”
11-март күнү “Ыйман” фонду “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Жүзүмө түкүрбө – Мекендешим!” акциясын өткөрдү. Акцияга жаш активисттер, студенттер жана өлкөбүзгө кайдыгер карабаган адамдар катышты.

"Ыйман" фонду "ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, МЕКЕНДЕШИМ!" акциясын баштады

"Ыйман" фонду "ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, МЕКЕНДЕШИМ!" акциясын баштады
Жаз келди. Жылдын эң көктөм бул мезгилин кайрадан көрүү насип болгонуна чексиз шүгүр. Жаз – дарак бүр байлап, бүр гүлгө айланган керемет учур. Кар алдында саргайып, чирип, биротоло сөпөт болгондой туюлган чөптөр кайрадан жашылданганын көрүп, өлгөндү тирилткен Жараткандын кудуретине кантип таң бербейсиң?

“Ыйман жарчылары” китебинин бет ачар аземи өттү

“Ыйман  жарчылары” китебинин бет ачар аземи өттү
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан "Адеп, ыйман жана маданият" жылына карата жарык көргөн "Ыйман" жарчылары" китебинин бет ачары болуп өттү. Бет ачарга, КТМУнун проректору Анварбек Мокеев, акын Надырбек Алымбеков, Мархабай Ааматов, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов жана студенттер, жаш окурмандар катышты.

ЖАМКта экстремизмди алдын алуу боюнча окуулар өтүүдө

ЖАМКта экстремизмди алдын алуу боюнча окуулар өтүүдө
9-февральдан тартып “Ыйман” фонду ИИМдин 10чу башкармалыгы менен бирдикте мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине эки күндүк семинар өттүу. Курста Диний экстремизмдин алдын алуу үчүн дин адамдары жана диний уюмдар менен практикалык жана теоретикалык иш алып баруунун негиздери тууралуу болду.

Бата ал...

Бата ал...
КРнын Президентинин жарлыгы менен 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу “Ыйман” фонду менен “Келечек+” гезити республика боюнча мектептер арасындагы “Бата ал” аталыштагы долбоорун жарыялайт.

Билим кербени старт алды

Билим кербени старт алды
"Ыйман" фонду "Келечек +" гезити менен биргеликте "Билим кербени" деп аталган программанын алкагында мектеп окуучулар үчүн көчмө семинарын баштады. Долбоордун негизги максаты - окуучуларды адепке, ыйманга, мекенди сүйүүгө, сабырдуулука, биримдике, рухий тазалыка, жана илимдүү-билимдүү болууга үндөө.

Билал Сайпиев: “Аскер кызматкерлеринин бир аз да болсо дин тууралуу билими болуш керек"

Билал Сайпиев: “Аскер кызматкерлеринин бир аз да болсо дин тууралуу билими болуш керек"
2017-жылдын 18-январында мамлекеттик чек ара кызматкерлеринин өздүк курамына экстремизм жана эл аралык терроризмге каршы күрөшүү жана ошондой эле азыркы учурда актуалдуу болуп жаткан дин жөнүндө семинар өттү. Бул жолугушууда "Ыйман"фондунун, УКМКнын жана КМШнын терроризмге каршы борборунун жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлү катышты.

Кыргызстан имамдары айлык стипендиясынын бир бөлүгүн авиакырсыктан жабыр тарткандарга бөлүп беришет

Кыргызстан имамдары айлык стипендиясынын бир бөлүгүн авиакырсыктан жабыр тарткандарга бөлүп беришет
16.01.2017. “Ыйман” фондунан ар ай сайын стипендия алган имамдар стипендиясынын бир бөлүгүн 2017-жылдын 16-январында авиа кырсыктан жабыр тарткан мекендештерибизге жардам иретинде бөлүп беришет. Азыркы учурда Кыргызстан боюнча 1217 имам стипендия алышат. Имамдар бере турган жардамдын көлөмү 250 миң сомго жакын. Андан тышкары “Ыйман” фондунун жамааты 20 миң сом акчалай каражат бөлмөкчү.

Ош шаарында имамдарды окутуунун кезектеги семинары башталды

Ош шаарында имамдарды окутуунун кезектеги семинары башталды
Террор менен экстремизм дүйнө жүзүндө күч алгандан бери бул түшүнүктү айрымдар ислам дини менен гана байланыштырат. Бирок ислам дининин табияты терроризм менен экстремизмге карама-каршы келет.Мына ушул түшүнүктөрдү көпчүлүккө жеткирүүнү «Ыйман» фонду колго алып, Ош шаарында имамдарды окутуунун кезектеги семинары башталды. Дин кызматкерлеринин сабатсыздыгын жоюуга багытталган бул иш-чара алты күнгө созулат. Маалымат бере кетсек, аталган фонд республикадагы дин кызматкерлерин 2015-жылдан бери окутуп келет. Ал арада, эркектер менен бирге эле аялдарга да диний сабаттуулук зарыл деген муфтият жер-жерлерде атайын борборлорду ачып, аялдардын сабатсыздыгын жоюу менен күрөшүп келет.

"Жакшы нерсе жакшы, жакшыны кылсаң андан да жакшы"

"Жакшы нерсе жакшы, жакшыны кылсаң андан да жакшы"
"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит кадырбеков "Ала-Тоо-24" каналынын "Өзөктүү маселе" берүүсүндө конокто болуп, "Адеп, ыйман жана маданият" жылы тууралуу маек курду.

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Декабрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top