Кирүү | Катталуу

Дин кызматкерлеринин атайын формасын (кызматтык кийимин) жана мусулман айымдар үчүн улуттук колориттеги кийимдин жасалгасын иштеп чыгууга сынак жарыялайт

Дин кызматкерлеринин атайын формасын (кызматтык кийимин) жана мусулман айымдар үчүн улуттук колориттеги кийимдин жасалгасын иштеп чыгууга сынак жарыялайт

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы(КМДБ) Кыргыз Республикасындагы дин кызматкерлеринин атайын формасын (кызматтык кийимин) жана мусулман айымдар үчүн улуттук колориттеги кийимдин жасалгасын иштеп чыгууга сынак жарыяланды. Сынакка кабыл алуу 2017 - жылдын 1- майга чейин уланат.

Сынакка ата-мекендик өндүрүшчүлөр, кесипкөй жана кесипкөй эмес кийим дизайнерлери, фотографтар, сүрөтчүлөр жана кийим жасалгалоо менен алектенген адистер чакырылат.

Сынакка жиберилген ислам дин кызматкерлери жана мусулман айымдар үчүн арналган кийимдердин жасалга-долбоорлору: тыкан, жарашыктуу, кыргыз улуттук маданиятынын белгилерин, өзгөчөлүктү камтыган жана шарият талаптарына дал келе тургандай болуусу абзел.

Дин кызматкерлеринин атайын формасы 2 түрдө болушу шарт: күнүмдүк (кызматтык формасы) жана майрамдык (салтанаттык форма)

Ар бир катышуучу сынак үчүн экиден ашык эмес жасалга-долбоорун тапшыра алат жана жасалга-долбоор авторго гана таандык болуусу шарт. Сынакка келген жасалга иштер атайын түзүлгөн сынак комиссиясынын кароосунан өтөт. Финалдык жарышка мыкты делген үч жасалга иши сынак комиссиясынын чечиминин негизинде тандалып алынат.

Жасалга иштер 2017-жылдын 12 - майга чейин “Ыйман” фондунун кеңсесинде же info@iyman.kg электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.
Жеңүүчү 100 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыкка ээ болот.

Кыргыз Республикасындагы дин кызматкерлеринин атайын формасын (кызматтык кийимин) жана мусулман айымдар үчүн улуттук колориттеги кийимдин жасалгасын иштеп чыгуу сынагын өткөрүү тууралуу жобо

1. Жалпы жобо

1.1. Аталган Жобо Кыргыз Республикасындагы ислам дин кызматкерлеринин атайын формасын (кийим) жана мусулман айымдар үчүн улуттук колориттеги кийим тигүү жана жасалгалоо тууралуу сынакты өткөрүү тартибин жөнгө салат.

1.2. Сынактын уюштуруучулары: Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду.

2. Сынакты өткөрүү тартиби

2.1. Сынакка ата-мекендик өндүрүшчүлөр, кесипкөй жана кесипкөй эмес кийим дизайнерлери, фотографтар, сүрөтчүлөр жана кийим жасалгалоо менен алектенген адистер чакырылат.

2.3. Сынак тууралуу маалымат “Ыйман” фондунун сайтына (www.iyman.kg), фейсбуктагы расмий баракчасына жана КМДБнын сайтына жайгаштырылат.

2.4. Тандап алуу баскычы: катышуучулар белгиленген талаптарга ылайык жасалганын долбоорун иштеп чыгат. Сынакка келген иштер 01.09.2016-01.05.2017 аралыгында “Ыйман” фондунун кеңсесинде же info@iyman.kg электрондук дареги аркылуу кабыл алынат.

2.5. Сынакка катышуу үчүн өздүгүн тактаган маалымат (анкета) жана жасалга ишин тапшыруу абзел.

3. Катышуучуларды тандап алуу

3.1. Сынакка келген жасалга иштер атайын түзүлгөн сынак комиссиясынын кароосунан өтөт. Финалдык жарышка мыкты делген үч жасалга иши сынак комиссиясынын чечиминин негизинде тандалып алынат. Тандалып алынган үч жасалга-долбоор “Ыйман” фондунун сайтына жана фейсбуктагы официалдуу баракчасына жарыяланат.

4. Сынакка катышуучулар үчүн коюлган талаптар

4.1. Ар бир катышуучу сынак үчүн экиден ашык эмес жасалга-долбоорун тапшыра алат.

5. Жасалга-иштер үчүн талаптар

Сынакка жиберилген ислам дин кызматкерлери жана мусулман айымдар үчүн арналган кийимдердин жасалга-долбоорлору:

5.1. Тыкан, жарашыктуу;
5.2. Кыргыз улуттук маданиятынын белгилерин, өзгөчөлүктөрүн камтыган;
5.3. Баштан-аяк бүткөн, даяр абалда болсун.


6. Жыйынтыгын чыгаруу, жеңүүчүнү тандоо, байге фонду

6.1. Сыйлоо: Сынак комиссиясынын чечиминин негизинде мыкты деп тандалган жасалга-долбоордун авторуна 100 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырылат.

6.2. Мырзаларга арналган жасалга-долбоорду башка, айымдарга арналган жасалга-долбоорду башка катышуучу жеңип алса байге тең экиге бөлүнүп ыйгарылат.

6.3. Сынактын жеңүүчүлөрү тууралуу маалымат уюштуруучулардын интернет баракчаларына ж.б. ММКларга жарыяланат.

7. Ээлик кылуу укугунан баш тартуу, уруксат берүү

7.1. Сынактын жеңүүчүсү мыкты деп тандалып алынган жасалга-долбоорго ээлик кылуу укугунан баш тартат. Жобонун ушул беренесине ылайык автордук укук толугу менен сынакты уюштуруучу тарапка ыйгарылат (кайра иштеп чыгуу, жайылтуу, экспорттоо, коомчулукка көрсөтүү, ММКларга алып чыгуу укугу). Берене өзүнө Кыргыз Республикасынын автордук укук тууралуу мыйзам актыларын камтыйт жана талаш жаралган учурда КРнын автордук укук тууралуу мыйзам ченемдерине ылайык жөнгө салынат.

7.2. Жободо келтирилген талаптарга ылайык, ээлик кылуу укугу сынактын жеңүүчүсү тууралуу маалымат жарыялангандан тартып уюштуруучу тарапка өтөт.

7.3. Сынакта жеңүүчү деп табылган жасалга-долбоордун автору ээлик кылуу укугунан толук баш тарткандыгына байланыштуу жасалга-долбоордо автор катары аты көрсөтүлбөйт (колдонууда анонимдүүлүк сакталат).

7.4. Сынактын катышуучулары сынакка өзүнө таандык гана долбоорду тапшыра алат. Башка авторго таандык долбоор (сурап алган учурда да) тапшырылбоосу шарт.

7.5. Жобонун 7.4-беренесинде келтирилеген шарттар аткарылбай, уюштуруучу тарапка чыгым келтирилген учурда, сынактын катышуучусу келтирилген чыгымды төлөп берүүгө милдеттендирилет.

8. Кошумча талаптар

8.1. Сынакка катышуу үчүн акы төлөнбөйт.

8.2. Сынкка катышуу менен бирге Жободо келтирилген талптарды кабыл алган болуп эсептелет.

18-04-2017, 09:58 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top