Кирүү | Катталуу

“Пайгамбарыбыз – тынчтыктын жарчысы” китеби жарыкка чыкты

“Пайгамбарыбыз – тынчтыктын жарчысы” китеби жарыкка чыкты

Китепте Мухаммед пайгамбардын өмүр жолу менен иш-аракеттери кыскача чагылдырылып, пайгамбардын асыл сапаттары, омоктуу ойлору баяндалат.

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду “Пайгамбарыбыз – тынчтыктын жарчысы” аттуу китебин чыгарды. Китептин түзүүчүсү Азирет уулу Баатырбек.

“Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун айтымында алдануудан жана адашуудан сак болууга эч кимдин кепилдиги жок. Кеп кетирген катаны, жаралган жаңылыш пикирлерди туура маалыматтар, пайдалуу илим-билим аркылуу оңдоп-түзөөдө турат. Ал үчүн жалаакорлордун Ислам дини тууралуу жайган жалгандарына каршы калем жана кадам менен ислам тууралуу көөнө чындыкты адамдардын акылдарына жана жүрөктөрүнө жеткирүү зарыл. “Пайгамбарыбыз – тынчтыктын жарчысы” аттуу бул китеп – ошондой аруу максатта жасалган эмгектин түшүмү.

Китеп Алтын доордогу курч кырдаалдарды түрдүү жагынан анализдеп, ошондой абалдарга карата пайгамбардык мамилелерди ачык-айкын чагылдырган окуяларды талдоого алып, тиешелүү аят жана хадистердин алкагында орто жолду табууну көздөйт. Ошондой учурларда Пайгамбардын сахабаларды кандай жөнгө салгандыгы, мусулман катары туура багытка сала тургандыгы тууралуу айтылат.

Китеп алууну каалагандар төмөнү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот:
Бишкек ш., Эркиндик бульвары 56
Тел: 0312 625130
0556 625130
0776 625130

14-09-2016, 16:25 | Категория - Башкы бет |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top