Кирүү | Катталуу

"Ата-энем – менин бактым"


14-сентябрда "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду Ош шаарынын билим берүү башкармалыгы менен биргеликте "Ата-энем – менин бактым" аталышындагы мектептердин тарбия иштери боюнча бөлүм башчыларына арналган жолугушуу өткөрдү.

Аталган иш-чара №8-М. Горький атындагы мектеп гимназиясында болуп, жалпы 42 мектептин тарбия иштери боюнча бөлүм башчылары катышышты.

Жолугушуу учурунда “Ыйман” фонду тарабынана даярдалган “Үй бүлөлүк бакытты баалай билели”, “Энеке”, “Жакындарга арналган убакыт” аттуу видео-роликтер жана “Ата-эне” кыска метраждуу фильмдери көрсөтүлдү.

Мугалимдер арасында жогорудагы видеолорду көчүрүп, мектептеги тарбия иштеринде көргөзөбүз деп алышып, окуучулар туура багытта тарбиялоодо бул сыяктуу роликтердин мааниси чоң деген пикирлерин билдиришти. Иш-чаранын жыйынтыгында Ош шаарында дагы 10 мектепте окуучулар жана ата-энелер үчүн жолугушуу уюштуруу чечими чыкты.

15-09-2016, 11:46 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top