Кирүү | Катталуу

Нуржигит Кадырбеков: Мамлекеттик кызматкер капаска камалган куштай эле абалда болот

Нуржигит Кадырбеков: Мамлекеттик кызматкер капаска камалган куштай эле абалда болот

Н.Кадырбеков 1977-жылы 31-мартта Кара-Кулжа районунда туулган.Орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. ОшМУну кызыл диплом менен бүтүрүп, Тышкы иштер министрлигинде, Президенттин катчылыгында, Президенттин аппаратында иштеген. Азыр “Ыйман фондун жетектейт.

-Нуржигит мырза, адегенде мамлекеттик кызматка кандайча келип калганыңыздын жайын айтсаңыз?

-Мен ОшМУнун юрфагын бүтөөр замат Бектемир Мурзубраимов жумушка чакырып (ал кезде агай ректор болчу), юридика факультетинде мугалим болуп иштеп калдым.Ошол университетте иштегенимдин шарапаты менен Америкага бардым. Анткени, ал программа университеттин окутуучулары үчүн экен. Бир жыл АКШнын Канзас университетинде массалык коммуникация боюнча окуган соң кайра Кыргызстанга келдим. Бир жолу “Азаттык” радиосун угуп отурсам Тышкы иштер министри Роза Отунбаева “бизде кыргыз тилин жакшы билген адистер жетишпейт” деп интервью берип жатыптыр.Аны угаар замат иштен бошонуу боюнча арызымды жазып, биротоло камданып-шайланып алып Бишкеке келдим.ТИМдин эшигинин алдында он күндөй турдум окшойт.Министр бирде Казакстанга, бирде Өзбекстанга кетип, айтор, жолуга албай койдум.Анан бир жолу эже министрликке кирип баратканда ыңгайын таап, мен сизге келдим эле десем, “жардамчым менен сүйлөш” деди.Жардамчысы болсо кат жүзүндө кайрылууну кеңеш берди.Ошол кезде “Нурлуу толкундар” аттуу ыр жыйнагым чыккан болчу.Ошол китепти белек иретинде бердим дагы калган сөздү жолугушканда айтсам болот эле деп кат жызып ийдим. Ошол катымды, резюмемди окуган соң Роза Исаковна өзүнчө бир бүтүмгө келгенби, дароо эле жумушка алды.Басма сөз кызматында жетектөөчү адис болуп жүрүп, анан көп өтпөй сыноо мөөнөтү менен басма сөз катчылыгына дайындалдым.Андан соң Аликбек Жекшенкулов министр болуп келди. Ал киши да иштетип көрүп, мени басма сөз кызматынын башчылыгына кайра дайындады.Андан кийин Эднан Карабаев менен иштешип жүрүп, Японияга окууга кеттим.Келгенден кийин Президенттин катчылыгында иштеп калдым.Бул арада апрель революциясы болуп, турмуш шартыма байланыштуу Ошко кетүүгө туура келди.Ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштедим.Руслан Казакбаев тышкы иштер министрлигине дайындалганда мурдагы кызматыма-министрдин басма сөз катчысы болуп кайра келдим.Руслан Айтбаевичке чоң рахмат, мага ишеним көрсөтүп, иштегене мүмкүнчүлүк түзүп берди. Андан соң азыркы министр Эрлан Абдылдаев менен иштештим.Ошол мезгилде Мира Карыбаева президенттин аппаратынын дин жана этно саясаты, жарандык коом менен кызматташуу бөлүмүнө бөлүм башчынын орун басары кызматына чакырып калды.Эки жылдан кийин “Ыйман” фондусу түзүлүп, мага аны жетектеп берүүнү сунушташты.Бул президент тарабынан түзүлүп, мамлекеттик саясатты жүргүзгөн фонд. Адамдардын руханий көрөңгөсүн көтөргөнгө өз салымымды кошсом деген максат менен макул болдум.

-Мира Карыбаева демекчи, ал киши жакында эле президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.Ыңгайы келип турганда Мира Аскеровна тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

-Япондордо экинчи муундун феномени деген түшүнүк бар.Кыргызда “аккан арыктан суу агат” деп коет.Мира Аскеровнанын атасы Аскер Карыбаев чоң интеллектуал болгон.Борбордук Комитеттин идеология бөлүмүндө, Маданият министрлигинде иштеген, китеп палатасын негиздеген, өзү акын, чыгармачыл инсан болуптур.Мира Аскеровна да терең интеллектуалдык көрөңгөгө эгедер, ар бир ишти майын чыгара аткарган, менменсинбеген, жетекчи катары буйрук бербей, кол алдындагыларга өнөктөш катары кеңешип мамиле кылган, ар бир пикирди кунт коюп уга билген, көп окуп, өзүнүн үстүндө тынбай иштеген инсан. Англисче билет, өзү шаарда чоңойсо дагы кыргыз тилин жогорку деңгээлде өздөштүрсөм деген ою бар.ОБСЕде, Конрад Аденауэр фондунда иштеген экен.Эл аралык уюмдар менен иштешип жүрүп ошолордун стандарттарын, сапаттарын өздөштүрүп, эл аралык деңгээлдеги менеджер болгонго мүмкүнчүлүгү бар адам.Мен бул киши менен иштешип калганыма өтө ыразымын.Мира Аскеровнаны ага чейин тааныбайт болчумун.Орун басарлык орун бошогондо өзү издеп көрүптүр.Сүрүштүрүп, интернеттен маалыматтарды топтоп отуруп анан менин кандидатурама токтолуптур.Эки жыл иштешип, Мира Аскеровнадан көп нерселерди үйрөндүм.Азыр да “Ыйман” фондусуна көмөк көрсөтүп, кеп-кеңештерин айтып турат.

-Сиз чыгармачыл адам катары ырларды, аңгеме- повесттерди жазып жүрөсүз.Мамлекеттик кызмат менен чыгармачылыкты айткалыштыруу кыйын эле болсо керек?

-Мамлекеттик кызмат мага чоң сюжеттерди берди.Джек Лондондун, Майн Риддин, Александр Дюманын өмүр баянына баам салсаңыз баары тең турмуштун кыйынчылыгын көргөн кишилер. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары эмне үчүн классикага айланып калды, себеби, көрбөгөндү көрүптүр да. Атасы репрессияга туш болуп атылып кетсе, оорукчан апасы төрт баланы жалгыз бакса...Сүргүнгө айдалганы балким, Токтогулдун өзүнө жаман болгондур, бирок, чыгармачылыгына бүтпөс азык болуп берди. Мамлекеттик кызматтын да түйшүгүн тартыш өтө кыйын. Анткени, иш ошончолук оор, жоопкерчилик ошончолук чоң. Анан ушундай оор жүктү аркалап жатып чыгармачылык кылыш бир топ эле кыйын. Бирок, ошого карабастан, мамлекеттик кызматка келгенден бери эки чыгарманы аягына чыгардым.Биринчиси, “Бир гана сенсин” деген жыйнагым, экинчиси, “Ант “ романы.”Ант” романында президенттин тагдыры баяндалат.Мамлекеттик кызматкер капаска камалган куштай эле абалда болот.Эл үчүн иштешиң керек, жоопкерчилик чоң, сурагандар, талап кылгандар көп.Убакыт ресурсу аябай чектелүү болоорун улам көбүрөөк түшүнүп атам. Эң чоң арамыным ушул.Ичте көп сюжеттер бар, бирок, отуруп жазганга убакыт жок.

-Менин баамымда “Ыйман” фондусу мамлекет менен динди бириктирген көпүрөнүн ролун аткарып жаткандай.

-Туура баамдагансыз.Биз азыр имамдарга айлык берип атабыз.Конституция боюнча светтик мамлекетте мамлекет имамдарды каржылыбашы керек.Бирок, имамдар деле биздин атуулдар да, алардын деле коомдо өз орду бар.Анча -мынча кыйын кырдаал, чыңалуулар болгондо алардын орду эбегейсиз экен.Бул нерсе Ош окуяларында өзгөчө көрүндү.Чубак, Абдишүкүр, Максат ажынын сөздөрүн эл кандай угушту. Анан ошондой кезде пайдаланып, калган учурларда биз светтик өлкөбүз, силер ишиңерди кылгыла деп койсок туура эмес болот да. Муну мамлекет башчыбыз туура түшүнүп, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат тууралуу концепция кабыл алынбадыбы.Имамдардын диний гана эмес, светтик билимин да көтөрүш керек болуп атат.Ошондуктан, биз имамдарды окутуу долбоорун иштеп чыгып, ага Куран, хадис, акыйда сыяктуу диний предметтер гана эмес, айти технология, укук, мамлекеттик саясат, өзгөчө кырдаалдарда эл менен иштөө сыяктуу коомдук предметтер да кирген.Тарыхтан улам билебиз да, качан дин менен илим айкалышканда ислам цивилизациясы алдыга кеткен.Ибн Халдун, Ибн Сина, Аль Бируни, Аль Хорезми, Улукбек сыяктуу залкар инсандар ошол доордо чыккан.Дин менен илим бөлүнөөр замат Европа алдыга кетип, ислам дүйнөсү артта калды.Имамдарга стипендия берген максатыбыз- алардын окууга болгон мотивациясын күчөтүү.Стипендия бергенде алардын окууга болгон кызыгуусу пайда болот экен. Кыргызстан боюнча 2300 имамды бир жыл окуттук.Бул аябай жакшы көрүнүш.Экстремизмге каршы күрөштүн жумшак бирок, туура жолу ушул.Экстремизм динди билбегендиктен чыгат. Элди үйрөтүүгө тийиш болгон имамдардын өздөрү динди жакшы билбесе, анда, алар башкаларды кантип үйрөтөт?

-“Калем жана ыйман” деп аталган эки китеп да чыгарган турбайсыздарбы?

-Устав боюнча биздин фондунун негизги максаты-элдин руханий көрөңгөсүн байытуу, анан элдин диний билимин көтөрүү, диний экстремизмге, радикализмге каршы күрөшүү.Элдин руханий көрөңгөсүн көтөрүүгө жалаң эле молдокелерди тартпаш керек.Кудайга шүгүр, биздин калемгерлерибиз, илимпоздорубуз бар.Ошолордун баарын тартыш керек.Интеллигенция менен молдокелер биргеликте иштемейин элдин руханий көрөңгөсүн көтөрүү кыйын.Анткени, молдокелердин сөзүн такыр кабыл албаган да контингент бар, себеби, биз 70 жыл атеисттик тарбия менен жашаган мамлекетпиз. Ошол эле учурда интелигенциянын жалаң материализмге негизденген көз карашын кабыл албаган да контингент бар. Ошон үчүн биз калемгерлерден тарбиялык мааниси терең чыгармаларды жазып берүүнү сурандык.Бирок, арасында эротика, зордук-зомбулук, адамдын көз карашын, тарбиясын буза турган сюжеттер болбосун дедик.Акын-жазуучуларыбыз активдүү катышып беришти.Эгер биринчи жыйнакка 15 эле автор кирген болсо, экинчисине 24 акын-жазуучу катышты.Арасында Эгеимберди Эрматов, Маркабай Ааматов, Надырбек Алымбеков өңдүү орошон таланттар бар.Ошол эле учурда жаңыдан телчигип келаткан жаштарга да өз талантын көрсөтүүсүнө, элге таанылуусуна мүмкүнчүлүк ачып бердик. Жакында экинчи китептин бет ачаарын өткөрүп, анын шылтоосу менен авторлорду эл менен жолуктарабыз.




Булагы: "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат" гезити

16-09-2016, 16:48 | Категория - Башкы бет, СМИ |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top