Кирүү | Катталуу

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана «ЭНЕ» социалдык фильмдери дүйнөгө таратылат

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана  «ЭНЕ» социалдык фильмдери дүйнөгө таратылат

21-сентябрда А. Осмонов тындагы КРнын Улуттук китепканасында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун Тарых жана маданият жылына карата “Медиа мейкиндик” долбоорунун алкагында тартылган кыска метраждуу тасмаларынын бет ачары болуп өттү.

Программада социалдык роликтер, “Жинди жетекчи” жана “Эне” кыска метраждуу тасмалары көрсөтүлдү.
Көрсөтүүдөн кийин тасма жаратуучулары менен биргеликте талкуу болуп, актерлорго, катышуучуларга суроо узатылды.

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана  «ЭНЕ» социалдык фильмдери дүйнөгө таратылат


“Адамдар визуалдык каражаттардан күчтүү таасир алат. Ошондуктан жан дүйнөнү өнүктүрүүдө тасмаларды да колдонууну туура көрдүк. Долбоордун алкагында дагы бир нече тасмалар тартылат. Таиланд, Сингапурдун социалдык видеолорун көрүп көзүбүзгө жаш тегеренет, алар да бизге кандайдыр бир деңгээлде таасир берип жатат. Анан эмне үчүн биз өзүбүздүн продукцияларды чыгара албайбыз. Мындан алган таасир да башкача болот эмеспи, анткени каармандар өзүбүзгө жакын, арабыздан чыккан, окуялар чындыктан алынган. “Эне” тасмасы аркылуу апаларыбызды убагында сыйлап, кадырына жетели деген маанини берели дедик, анкени убакыт учкан куш, жетишпей да калышыбыз мүмкүн. “Жинди жетекчи” тасмасы өз ишин так аткарган, кызматынан пайдаланбастан өз атасына да айып салып коомдо түшүнбөстүк жараткан айыл өкмөтү тууралуу”,- деди диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков кеченин ачылышында.

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана  «ЭНЕ» социалдык фильмдери дүйнөгө таратылат


Эл аралык “Р. Отунбаеванын демилгеси” фондунун билим берүү долбоорлорунун координатору Асылбек Жооданбеков “Жинди жетекчи” тууралуу мындай ойлору менен бөлүштү: “Мен аябай күчтүү таасир алдым, тасмалар абдан жөнөкөй жана ар бир жаранга түшүнүктүү. Бизде ушул “жинди жетекчи” сыяктуу баатырлар бар, алар жөнүндө айтып, элге таанытышыбыз керек. Анткени алардын ишмердүүлүгү ар бирибизге сабак боло алат, өзгөчө жогорку кызматтагылар көрсө жакшы болот эле, алар да көп нерсени үйрөнүп калышмак”.

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана  «ЭНЕ» социалдык фильмдери дүйнөгө таратылат


Мындан сырткары жергиликтуу телеканалдар менен макулдашып тартылган тасмалар эфирлерден да берилмекчи.

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана  «ЭНЕ» социалдык фильмдери дүйнөгө таратылат


«Биздин көрөрмандар – жаштар жана бүткүл курактагы адамдар. Бул тасмаларды англис кытай, араб тилдерине которуп дүйнөлүк аренага интернет аркылуу таратабыз”,- деп кошумчалады Нуржигит Кадырбеков

«ЖИНДИ ЖЕТЕКЧИ» жана  «ЭНЕ» социалдык фильмдери дүйнөгө таратылат


22-09-2016, 15:24 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top