Кирүү | Катталуу

“Ыйман” фондунун жетекчиси кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошокондугу үчүн төш белги менен сыйланды

“Ыйман” фондунун жетекчиси кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошокондугу үчүн төш белги менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүн жана эне тилибиздин өнүгүшүнө зор салым кошкон белгилүү адабий сынчы, акын, жазуучу жана коомдук ишмер Камбаралы Бобуловдун 80 жылдык мааракесин белгиледи.

Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында өткөн бул салтанатта “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековго кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Кыргыз мамлекеттик тил комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси ыйгарылды.

Бул сыйлык “Ыйман” фондунун диний чөйрөдө мамлекеттик тилдин өнүгүүсү үчүн кылган эмгегин баалоо иретинде берилди. Фонд адамдарга руханий азык тартуулоо максатында “Улуу имам Абу Ханифа","Табигат сырлары", "Калем жана ыйман", "Кыргыз тилиндеги диний сөздөрдүн кыскача түшүндүрмөсү", "Туура жолдун туусу – Имам Матуруди", "Калем жана ыйман-2", "Пайгамбарыбыз – тынчтыктын жарчысы" аттуу 7 китепти даярдап чыгарды. Адеп-ахлакка жана ыйманга чакырган Insan.kg сайтын кыргыз тилинде коомчулукка тартуулады. Мындан сырткары “Кыргызстандагы диний кызматкерлердин билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында Фонд өткөргөн семинарларда 2300дөн ашык имамдарга кыргыз тилин мыкты билүүгө багытталган “Кеп маданияты” сабагы окутулган.

23-09-2016, 18:13 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top