Кирүү | Катталуу

Аким ажы Эргешов: Ислам дининде адам укуктары боюнча китеп 15 кылым мурун жаралган

Аким ажы Эргешов: Ислам дининде адам укуктары боюнча китеп 15 кылым мурун жаралган

“Улуттук маданият, илим жана дин ” долбоорунун алкагында “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстан дин башкармалыгы менен биргеликте Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенттери үчүн “Ислам дининдеги адам укуктары” аталышындагы Аким ажы Эргешов катышкан семинар өткөрдү.

Аким Ажы Эргешов Ислам дининде укуктук маселе барынан бийик тургандыгын жана адам укуктары боюнча китеп 15 кылым мурун жаралгандыгын баса белгиледи. “Исламда бир адамдын укугу башталган жерде экинчи адамдык укугу бүтөт. Бул нерсени азыркы тапта деле окуп жатасыңар. Эч ким башка бирөөгө моралдык, материалдык жактан зыян келтирбеши керек. Мындан сырткары айлана-тегерекке да аяр мамиле жасоого тийишпиз, анткени биз жаратылышка да жоопкерчиликтүүбүз”,-деди Эргешов.

Лекциянын жүрүшүндө Аким ажы Эргешов Ислам дининде АДАМ биринчи орунда турат: “Бул статусуна жана байлыгына карабастан адам эркиндиги бийик дегендин белгиси. Эч ким бирөөгө эмне кылыш керек экендигин буйрук берип же мажбур кыла албайт. Адам эркин, ал эркин жашоого, эркин пикирин билдирүүгө жана ойлонууга укуктуу. Ал эми аны башкалар сынга ала албайт. Бирок бул каралоого, жаман айтууга, кылмыш кылууга болот дегендикке жатпайт. Эгер адам туура эмес иштерди жасаган болсо, соцалдык абалына, жашына, жынысына карабастан сот жообуна тартылат”.

Аким ажы Эргешов: Ислам дининде адам укуктары боюнча китеп 15 кылым мурун жаралган


“Бирок, элдердин көпчүлүгү мусулман болгон өлкөлөрдө эмне үчүн согуш болуп жатат деген суроо туулат. Жообу жөнөкөй: ал жакта адам укуктарына көңүл бурулбай, окутулбай калган. Ошондуктан силер келечектеги юрист, билимдүү укук таануучу катары дүйнөдөгү тынч жашоого үмүт бересиңер”,-деп кошумчалады Аким ажы семинардын аягында. Ал эми студенттер өтө кунт коюп угушуп, суроо берип, активдүү катышышты.

29-09-2016, 10:51 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top