Кирүү | Катталуу

«Табигат сырлары» китеби эл аралык басма соз көргөзмөсүндө 3-орунга татыды

«Табигат сырлары» китеби эл аралык басма соз көргөзмөсүндө 3-орунга татыды

3-октябрь, 2016-жыл. “Ыйман” фонду чыгарган «Табигат сырлары» китеби Ашхабаддагы (Түркменистан) 11-Эл аралык “Китеп – кызматташуунун жана өнүгүүнүн жолу” басма сөз көргөзмө-жарманкесинде окуу китептердин арасынан 3-орунга ээ болду. Китептин автору Бакыт Жунусалиев, 2015-жылы «Калем жана ыйман» долбоорунун алкагында чыгарылган.

«Биз «Калем жана ыйман» долбоорун тынчтыкка умтулган, жан дүйнөсү бай, толеранттуу жана билимдүү коомдун түптөлүшүнө жардам катары ишке ашырып жатабыз. Жазуучулар менен биргеликте иштешип, алардын позитивдүү эмгектерин элге жайылтуу менен китеп окууну сүйүүгө чакыруу – биздин максатыбыз. Долбоор эл аралык аренада ийгиликке жетишип жаткандыгына абдан кубанычтабыз. Китеп чыгаруу жана таратуу ассоциациясына жана Мамлекеттик «Кыргыз китеп» ишканасына биздин китепти эл аралык жарманкеге көрсөтүүгө алып баргандыгына ыраазычылыгыбызды билдиребиз”,- деди “Ыйман” фондунун долбоорлорунун координатору Жанаргүл Исакбаева.

“Калем жана ыйман” долбоорунун алкагында 15-октябрда “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду көпчүлүктү, өзгөчө жаштарды китеп окууга кызыктырууга, мындан сырткары китеп продукциясын жайылтуу жана пропагадалоо максатында китеп жарманкесин уюштурат.

Жарманке коомчулуктун көңүлүн китептин баалуулугуна, жалпысынан адабиятка, маданият жана билимге, Кыргыз адабиятын жайылтууга көңүл бурдурууну максат кылат. Жарманкеде жан дүйнө, маданий, интеллектуалдык жактан өнүгүүгө басым жасаган китептер коюлат.

3-10-2016, 16:52 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top