Кирүү | Катталуу

“Ыйман” фондунун төрагасы Катар мамлекетинен келген делагация менен жолукту

“Ыйман” фондунун төрагасы Катар мамлекетинен келген делагация менен жолукту

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков Катар Эмирлигинин Кыргызстандагы элчиси Мохамед Бин Арар Аль-Наими жана “Катар кайрумдуулук коомунун” аткаруучу директору Юсуф бин Ахмад Аль-Кавари менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө мындан аркы кызматташтык алака тууралуу сөз болуп, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун бир катар долбоорлоруна демөөрчүлүк көмөк көрсөтүү тууралуу макулдашылды.

“Ыйман” фондунун буга чейинки аткарып жаткан иштери тууралуу кабарыбыз бар. Сиздер дипломатиялык канал аркылуу жиберген беш долбоорду дыкат карап чыктык. Арасынан айрымдарын ишке ашырууга көмөк көрсөтөлү деп чечтик. Кыргызстанда кеңсебиз ачылган соң байланышыбыз дагы да бекемделет деп ишенем”,- деди “Катар кайрымдуулук коомунун” аткаруучу директору. Ал, ошондой эле, Н. Кадырбековду “Ыйман” фондунун демилгелерин колдой турган инсандар менен жолугушуу үчүн Катар Эмирлигине келип кетүүгө чакырды.

“Биздин жиберген долбоорлорду карап, талдап, кызматташууга кадам таштаганыңыздарга чоң рахмат. Адамдардын илим-билимин жана руханий көрөңгөсүн байытуу ишинде тыгыз иш алып барабыз деген үмүттөмүн”, - деди “Ыйман” фондунун төрагасы Н. Кадырбеков.

Эске сала кетсек жолугушуу Катар мамлекетинен келген делегациянын Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында өттү. “Катар кайрумдуулук коому” дүйнөдөгү эң бай жана таанымал кайрымдуулук фонддорунун катарында турат.

5-10-2016, 14:23 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top