Кирүү | Катталуу

“Туура жолдун туусу Имам Матуриди” жана “Пайгамбарыбыз - тынчтыктын жарчысы" китептеринин бет ачары болуп өттү

“Туура жолдун туусу Имам Матуриди” жана  “Пайгамбарыбыз - тынчтыктын жарчысы

"Калем жана ыйман" долбоорунун алкагында “Ыйман” фонду Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши менен биргеликте чыгарган "Туура жолдун туусу - имам Матуриди" жана “Пайгамбарыбыз - тынчтыктын жарчысы" китептеринин бет ачары болуп өттү.

Бет ачар аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Ислам университетинин аалымдар кеңеши, университеттердин профессорлору, жазуучулар жана студенттер катышты.

"Улуу муун атеисттик көз карашта чоңоюшту. Эгемендүүлүк менен бирге диний эркиндик келгенде адамдарда изденүү пайда болуп, арабча жазылган нерсенин бардыгы дин катары кабыл алына баштаган. Дин жөнүндө маалыатты ар кандай таратылган баракчалардан, эл оозунан, технологиянын өнүгүшү менен интернеттен ала башташты. Диний маалыматтар туура булактан болбогондуктан, ар кандай агымдар кошо жайылып эл арасында радикализм жана экстремизм күчөй баштады. Буга байланыштуу 2014-2020-жылдарга Кыргыз республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясына ылайык көптөгөн иштер жасалып жатат, бул китептердин чыгарылышы алардын бири",- деди КР Президентинин аппаратынын алдындагы Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Зайырбек Эргешов.

Презентациянын жүрүшүндө Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Теология факультетинин доценти Хакан Чошар "Имам Матуриди жана анын окуусу" темасында "Имам Матуриди - накыл (диний окуу) менен акылды баланска салган чоң аалым болгон. Адамдын маалыматты үч булактан алаарын айткан: Кудайдан келген кабар, сезүү органдары, акыл. Технология менен илимдин өнүгүп жаткан доорунда, Ислам коому өзүн башка өнүккөн коомдорго атаандаш катары көргүсү келсе, сөзсүз түрдө Имам Матуридинин окуусуна баш багуусу керек",-деди.

Чыгарылган китептер 2014-2020-жылдарга Кыргыз республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясына ылайык коомчулуктун диний сабаттуулугун жогорулатуу, экстремисттик жана радикалдык агымдардын таратылышына каршы туруу максатын көздөйт.

12-10-2016, 11:06 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top