Кирүү | Катталуу

Келечегибизди ийгиликтүү көргүбүз келсе, өнүгүү үстүндө дайыма иштешибиз керек

Келечегибизди ийгиликтүү көргүбүз келсе, өнүгүү үстүндө дайыма иштешибиз керек

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун "Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында менталдык арифметика жана бат окуу боюнча семинар болуп, анын сырлары менен "Өнүгүү академисянын" жетекчиси Сайкал Асылбекова бөлүштү.

Эгерде келечегибизди, өзгөчө балдарыбызды ийгиликтин гана үстүнөн көргүбүз келсе тынбай окуп, өнүгүүнүн жолунда болушубуз керек деп эсептейт семинардын спикери.

"Кытайда 5 жыл аралыгында бир изилдөө жүргүзүлүп, ага эки топтон турган окуучулар катышкан. Биринчи топ менталдык арифметика менен машыгышкан эле, экинчиси машыккан эмес. Жыйынтыгында биринчи топтун окуучулары окуусунда жана жашоосунда ийгиликке жетишип, экинчи топтун окуучулары анчалык ийгилик жарата албаптыр. Мындан кийин Кытайдын мектеп окуу программасына менталдык арифметика сабагы да кошулган экен. Ал эми Кыргызстанга бул технология 2015-жылы гана келген, учурда жаңыдан гана өнүгүп жаткан маалы. Менталдык арифметика менен машыккан баланын эс тутуму жакшы болот, аналитикалык ой жүгүртүүсү өөрчүйт, мектептеги бардык сабактар боюнча жетишкендиги жогорулайт. Ал эми бат окуу жөндөмдүүлүгү илимий-популярдуу адабиятты тез арада өздөштүргөнгө, дата, фактыларды жаттап калганга жана кыска убакыттын ичинде бир нече китеп окуганга жардам берет",- деди Сайкал Асылбекова.

Семинар мастер-класстар менен коштолуп, 7 жаштагы Абдулмалик бир нече секунддун аралыгында эки орундуу жана үч орундуу сандарды кошуп, кемитип, катышуучуларды таң калтырды.

14-10-2016, 16:34 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top