Кирүү | Катталуу

Ыйман нурун сепкен китеп

Ыйман нурун сепкен китеп

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду "Калем жана ыйман" долбоорунун алкагында Тарых жана маданият жылына карата уюштурулган «Ыйман нурун сепкен китеп» жарманкесин өткөрдү. Иш-чара И. Арабаев атындагы КМУнун негизги имаратында болду.

Жарманкеге Кыргызстанда басылып чыккан китептер коюлуп, Маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиев, эл акындары Омор Султанов, Надырбек Алымбеков, Асан Жакшылыков баштаган кыргыздын акын-жазуучулары, Президенттик Аппараттын бөлүм башчысы Зайырбек Эргешов, муфтийдин орун басары Жоробай Шергазиев жаштарга акыл-насаатын айтып, китеп окууну адат кылууга чакырышты.

Ыйман нурун сепкен китеп

Ыйман нурун сепкен китеп


"Бүгүнкү иш-чара интеллектуалдыкка умтулган ар бар жашты сүйүнтүш керек деп ойлойм. Анткени улуу инсандардын бардыгы өз учурунда жан дүйнөсүн китептер аркылуу байыткан, руханий азык топтошкон. Адамга табият канчалык талант бербесин, ал окумайынча өз талантын толук ача албайт. Китеп колуңарда жүрсө ата-энеңер, досторуңар, кошунаңар айтып бербеген сырларды айтып берет, ишенимдүү досуңарга айланат",-деди КРнын Маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков.

"Ыйман" фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков дүйнөдө бизден алдыда келе жаткан,өнүккөн өлкөлөр көп, биз аларга технология чыгаруу, робот куруу, экономикабыз менен жетпейт чыгаарбыз, бирок маданиятыбыз менен кем калышпайбыз деген пикирин билдирди. "Анткени кыргыз элинин 2000 жылдан ашык тарыхы бар. Биздин эң чоң байлыгыбыз бул - биздин адамдык ресусрсубуз, маданиятыбыз. Ошондуктан интеллектуалдык инвестиция жасай берели, акыл-эсибизди, руханиятыбызды байыткан иш-чараларды тынбай өткөрө берели",-деди ал жарманкенин салтанаттуу ачылышында.

Ыйман нурун сепкен китеп


Жарманке кыргыз китептеринин окурмандарынын санын көбөйтүүнү, өзгөчө жаштар арасында китеп окууну пропагандалоону, Кыргызстанда басылып чыгарылган китеп продукциясын өнүктүрүүнү максат кылат.

Ыйман нурун сепкен китеп


Жарманкенин аймагы илимий-популярдуу, көркөм, балдар, диний, руханий азык тартуулоочу адабият тармактарына бөлүнүп, ар биринде тематикага жараша пескография, оргами, шахмат, төкмө акындай айтышы, ыр, жомок окулуп, каллиграфия боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Ыйман нурун сепкен китеп


Иш-чараны уюштуруудагы фонддун негизги өнөктөшү Кыргыз китеп палатасы, Китеп чыгаруучулардын ассоциациясы жана "Алтын түйүн" балдар инженердик-технология академиясы болду.

Ыйман нурун сепкен китеп

Ыйман нурун сепкен китеп

Ыйман нурун сепкен китеп

Ыйман нурун сепкен китеп

Ыйман нурун сепкен китеп

Ыйман нурун сепкен китеп

17-10-2016, 15:29 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top