Кирүү | Катталуу

"Ыйман" фонду жалпы өлкө боюнча мектептерде жолугушууларды уюштуруп баштады


"Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду жогорку класстын окуучулары менен биргеликте жолугушууларды өткөрүп баштады. Мындай жолугушуулардын максаты экстремизмге жана радикализмге каршы альтернативдүү идеология тартуулоо.

Биринчи жолугушуу Бишкек шаарындагы А. Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназиясынын окуучулары менен өткөрүлдү. Ага фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, мектептин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Венера Жаманбаева, мугалимдер жана окуучулар катышышты.

"Ыйман" фонду жалпы өлкө боюнча мектептерде жолугушууларды уюштуруп баштады


"Окуучулар өткөөл куракта жаңы нерселерди бат кабыл алышат, өзүн кыйын сезип, эго күч алат. Бул учурда дин тууралуу да туура түшүнүк берүү керек. Маалыматтык согуш учурунда окуучулуар экстремисстик жана радикалдык агымдарга каршы тура алгандай болушу керек",-деди Нуржигит Кадырбеков.
Венера Жаманбаева бул сыяктуу жолугушуулар өткөөл курактагы окуучулар үчүн тарбия иштеринде өтө зарыл экендигин белгиледи. Анын айтымында бул куракта белгилүү бир мүнөз, жашоого болгон көз караш калыптана баштайт.

"Ыйман" фонду жалпы өлкө боюнча мектептерде жолугушууларды уюштуруп баштады


Окуучулар менен болгон кийинки жолугушуулар Баткен областында уланууда. "Интеллекталдык инвестиция" долбоорунун координатору Аязбек Атамкуловдун айтымында "Жашоодогу менин ордум" жана "Убакытты туура райдалануу" темасындагы семинарлар Исфана шаарындагы У.Маткаримов атындагы №4-мектеп-гимназиясында өткөрүлдү. Семинарлар жалпысынан илим, ыйман, китеп окуу, убакытты туура бөлүштүрүү, максат койуу жана ага жетүү жолдору сыяктуу темаларды камтыды. Бул семинарлар бир апта бою Лейлек районунун башка мектептеринде да уланмакчы.

"Ыйман" фонду жалпы өлкө боюнча мектептерде жолугушууларды уюштуруп баштады


"Ыйман" фонду жалпы өлкө боюнча мектептерде жолугушууларды уюштуруп баштады


26-10-2016, 10:49 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top