Кирүү | Катталуу

Имамдарды окутуунун экинчи этабы башталды

Имамдарды окутуунун экинчи этабы башталды

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте “Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында имамдарды окутуунун экинчи этабын баштады. Семинар 30.10.2016-5.11.2016 аралыгында ОшМУнун теология факультетинде өтүп, Ош облусунун райондорунан 135 имам катышты.

Семинардын жүрүшүндө Хадис жана Фикх, Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, Риторика, Имамдардын этикасы, Акыйда, Пайгамбарлар тарыхы, Ислам тарыхы, Кыргыз маданияты жана дин, Куран, Иш кагаздары предметтери боюнча сабактар өткөрүлдү.

Имамдарды окутуунун экинчи этабы башталды


“Бул пилоттук окуу болду. Муфтияттын адистеринен, теологдордон жана мамлекеттик кызматкерлерден турган жумушчу топ иштеп чыккан окуу программасын сыноодон өткөрдүк. Биринчи этапта 2300дөн ашык имамды 19 предмет боюнча 2 жумалык программа менен окуткан элек. 2-этапта 12 предметтен турган сабак бир жумага гана уланды. Эң башкысы, имамдарды билим деңгээлине жараша бөлүп окута баштадык”, - деди “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков.

Имамдарды окутуунун экинчи этабы башталды


Семинардын аягында катышкан имамдарга сертификат тапшырылып, ОшМунун теология факультети тарабынан чет тилдеринен которулган дин жана илим тууралуу китептер белекке берилди.

Имамдарды окутуунун экинчи этабы башталды


Имамдарды окутуунун экинчи этабы башталды

9-11-2016, 10:37 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top