Кирүү | Катталуу

Баткен жергесинде руханий жана акыл инвестициясы долбоору менен

Баткен жергесинде руханий жана акыл инвестициясы долбоору менен

Баткен шаарында жаштарды шыктандыруу максатында "Jashtar Camp - 2016" конференциясы болду. Ага катышкан "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков “Ыйман” фондунун “Интелектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында "Бирөө гана" аттуу темада жаштарга семинар өттү. Семинарда Кадырбеков: "Азыркы учурда баарыбыз сырткы көрүнүшүбүзгө аябай кам көрөбүз, жакшы кийимдерди алабыз, жасанабыз, сулууланабыз. Ал эми биз ушинтип жан дүйнөбүзгө кам көрдүкпү?”, - деген суроо менен кайрылды. Ал: “Качан гана илим менен ыйман айкалышканда гана кыргыз коомчулугу чындап өнүгөт. Ошондуктан, биздин сиздерден суранаарыбыз, илим алуу менен кошод жан дүйнөбүздү да байыталы, “ – деп белгиледи. Жолугушуу суроо-жооптор менен коштолду.

Муну менен катар Баткендеги А.Жайнаков атындагы музыкалык-драм театрында «Баткен жаштары терроризм, экстремизмге каршы» аталышындагы жаштар арасында профилактикалык иш-чара болду. Аталган иш-чарага Баткен шаарынын мэри Г.Эргешов, Кыргыз Эл акыны Н. Алымбеков, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Н. Кадырбеков, Баткен облусунун казысынын орун басары К.Кожояров жана жергиликтүү бийлик жетекчилери, мугалимдер, студенттер жана мектеп окуучулары катышты. Жыйында адистер жаштарды туура жолго салуу боюнча кеңештерин айтты. Ошондой эле алардын аң-сезимин ойготкон, абийирдүүлүккө чакыра турган видео фильм көрсөтүлдү.

Баткен жергесинде руханий жана акыл инвестициясы долбоору менен

Баткен жергесинде руханий жана акыл инвестициясы долбоору менен

Баткен жергесинде руханий жана акыл инвестициясы долбоору менен


“Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Баткен облусуна болгон иш сапарында Баткен шаарындагы "Муьаз ибн Жабал" медресесинин студенттери менен жолугушту. Анда облустун мусулмандар казысы Пазылажы Султанмуратов, медресе мугалимдери жана студенттер катышты. Жыйында фонддун төрагасы студентерди терен билим алууга чакырып, иш-чараныны катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

Баткен жергесинде руханий жана акыл инвестициясы долбоору менен

Баткен жергесинде руханий жана акыл инвестициясы долбоору менен


Эскерте кетсек, “Ыйман” фонду жаштардын диний сабатын жогорулатуу үчүн аалымдар жана муфтияттын өкүлдөрү менен студенттердин жолугушуусун байма-бай уюштуруп келет.

22-11-2016, 11:00 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top