Кирүү | Катталуу

Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин ачылышына арналган “Акын жана инженер” поэзия кечеси өтөт

Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин ачылышына арналган “Акын жана инженер” поэзия кечеси өтөт

24- ноябрында саат 10.30да Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинини жыйналыш залында (2-кабат) Н. Алымбековдун “Акын жана инженер” аттуу 10 томдук китебинин бет ачаары өтөт. Акындын бардык чыгармалары топтолгон бул томдуктардын эки китеби кыргыз тилине ыр түрүндө которулган “Куттуу Куран” болуп саналат.
Калган бөлүгү автордун өз өмүрүндөгү окуялардан, кадимки жашоодон алынган турмуштук мисалдардан турган проза жана поэзия түрүндөгү чыгармалар. Акындын “Ырдалып бүтпөйт махабат”, “Улуу карышкырлар”, “Аманат жандын азыгы”, “Урпактарга улама”, “Ыймандан билим тазарат” ж.б. эмгектери окурмандардын элегине кайрадан сунушталып, жалпы Кыргызстанга белгилүү акын-жазуучулардын, коомдук ишмерлердин ой-пикирлери менен коштолот. Иш-чара “Ыйман жана калем” долбоорунун алкагында “Ыйман” фонду жана Кыргыз Улуттук университети тарабынан өткөрүлмөкчү. Иш-чарага акындын окурмандары менен кошо белгилүү илимпоздор, акын-жазуучулар, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер чакырылды.
Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата өткөрүлөт.



23-11-2016, 15:50 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top