Кирүү | Катталуу

Ысык-Көл облусунда имамдар билим деңгээлин жогорулатууда

Ысык-Көл облусунда имамдар билим деңгээлин жогорулатууда

2016-жылдын 21-ноябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 111 дин кызматкери катышкан бир жумалык окуу башталды. Бул семинар “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун “Дин кызматкерлеринин потенциалын жана билим деңгээлин жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. 26-ноябрга чейин улана турган бул окууга Ысык-Көл облусунун райондорунан 99 имам ал эми Чүй облусунан 12 имам-хатибдери катышууда.




Окутуу курсу диний мазмундагы жана светтик сабактардан турат. “Хадис”, “Фикх”, “Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат”, “Риторика”, “Имамдардын этикасы”, “Акыйда”, “Пайгамбарлар тарыхы”, “Ислам тарыхы”, “Кыргыз маданияты жана дин”, “Куран”, “Иш кагаздары” предметтери боюнча сабактар өткөрүлүүдө. “Иш-чаранын биринчи күндөрүндө Муфтийдин орун басары Аким Эргешов, Кара-Балтадагы ислам институтунун ректору Саидбакас ажы, Кара-Кол шаарынын башкы имамы Сабриков Талант кары жана риторикадан Нуржигит Кадырбеков лекция окуду”, - деп долбоордун координатору Муртаза Жолдошов билдирди.

Ысык-Көл облусунда имамдар билим деңгээлин жогорулатууда

Ысык-Көл облусунда имамдар билим деңгээлин жогорулатууда


Белгилей кетсек, 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын алкагында дин кызматкерлеринин потенциалын жана билим деңгээлин жогорулатуу курстары өтүп жатат. Биринчи баскыч 2015-жылдын август айында башталган. Бардыгы болуп, республика боюнча 2300дөн ашык имам окуган. Ал эми, экинчи этабы 2016-жылдын ноябрь айынан старт алды.

Ысык-Көл облусунда имамдар билим деңгээлин жогорулатууда

Ысык-Көл облусунда имамдар билим деңгээлин жогорулатууда

24-11-2016, 10:50 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top