Кирүү | Катталуу

Билим - акылмандыктын ачкычы

Билим - акылмандыктын ачкычы

"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду 2016-жыл "Тарых жана маданият" жылына карата "Улуттук маданият, илим жана дин" долбоорунун алкагында "Билим - акылмандыктын ачкычы" аттуу темада аялдар үчүн жер-жерлерде семинарлар өтүүдө.

Аталган семинар 22-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Кулжа шаарында Маткадыров Санатбек - Кара-Кулжа райондук мам.администрациясынын коопсуздук, коргонуу, укуктук тартип жана коррупция иштери боюнча жетектөөчү адиси, Аскаров Абдулхамид - Кара-Кулжа районунун баш имамынын орун басарынын катышуусунда болуп өттү. Ушундай эле семинарлар Өзгөн районунда, Кара-Сууда, Араванда болду.

Билим - акылмандыктын ачкычы


"Билим алуу ар бир адамга парз, ошондой эле диний да,светтик илимдерди биргеликте алып кетүүбүз абзел. Себеби, жалаң дин тармагын гана үйрөнгөн адам акырында "фанат" болуп калат, ал эми жалаң гана светтик илим алган адам акырында "атеист"болуп калат. Качан гана адам ошол эки тармакты кошо алып кеткенде гана чыныгы мусулман, чыныгы адамгерчиликтүү адам боло алат" - деп Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары Кожояров Каразак ажы баса белгиледи.

Билим - акылмандыктын ачкычы


Семинардын максаты - аялдардын руханий маданиятын, дин жана билим деңгээлин жогорулатуу. Үй-бүлөдө аялдын жана эненин орду, мындан сырткары үй-бүлөнүн бекем, туруктуу сакталуусунда жана уул-кыздарга туура тарбия берүүдөө аялдын милдеттери тууралуу багыт берүү.

Билим - акылмандыктын ачкычы

25-11-2016, 11:51 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top