Кирүү | Катталуу

«Акын жана инженер» Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин бет ачары болду

«Акын жана инженер» Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин бет ачары  болду

Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбековдун «Акын жана инженер» деп аталган 10 томдук китебинин бет ачары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өттү. Акындын бардык чыгармалары топтолгон бул томдуктардын 2 китеби “Ыйык Курандын” кыргыз тилине ыр түрүндө которулганы. Калган бөлүгү автордун өз өмүрүндөгү окуялардан, кадимки жашоодон алынган турмуштук мисалдардан турган проза жана поэзия түрүндөгү чыгармалар. Акындын “Ырдалып бүтпөйт махабат”, “Улуу карышкырлар”, “Аманат жандын азыгы”, “Ыймандан дилим тазарат” аттуу чыгармалары эл арасында белгилүү.

Иш-чара “Ыйман жана калем” долбоорунун алкагында “Ыйман” фонду жана Кыргыз Улуттук университети тарабынан өткөрүлдү. Кечеге акындын окурмандары менен кошо белгилүү илимпоздор, акын-жазуучулар, мамлекеттик кызматкерлер жана коомдук ишмерлер катышты. Китепте акындын 27 жыл ичинде жазылган чыгармалары камтылган. Билими боюнча инженер, совет жылдарында жетекчи кызматын аркалап келген. Кийин жашы 50 толгондо поэзия дуйносу аралашып баштаган.

«Акын жана инженер» Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин бет ачары  болду

«Акын жана инженер» Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин бет ачары  болду



"Бүгүнкү күндө адамдарды руханий-адеп-ахлактык тарбиялоо өтө маанилүү. Бул өз кезегинде мамлекеттүүлүктү сактоонун негизи" - деп автор белгиледи.

«Акын жана инженер» Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин бет ачары  болду

«Акын жана инженер» Кыргыз эл акыны Н. Алымбековдун 10 томдук китебинин бет ачары  болду

25-11-2016, 12:56 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top