Кирүү | Катталуу

Акыркы жолу ата-энеңерге жакшы көрөм деп качан айттынар?

Акыркы жолу ата-энеңерге жакшы көрөм деп качан айттынар?

"Ыйман" фондунун "Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында Өзгөн районунун Куршаб айылындагы Тангатаров, Токтогул жана Бектемиров атындагы мектеп окуучуларына "Ата-энем менин бактым" аттуу темада тарбиялык жолугушуулар 9,10-11-класстын окуучулар арасында өтүп жатат. Жолугушууда окуучулардын жүрөгүнө ыйман чакыра турган "Ыйман" фонду тарабынан тартылган жана которулган тарбиялык тасмалар коюлууда.



“Ата-эне балдары үчүн эң зарыл мээрим булагы. Ата-эне болсо тарбия берип жана бактылуу кылып чоңойтуп, өстүрүү үчүн канчалаган азап, кыйынчылыктарды көрөт. Күнүмдүк эле кийим-кече, тамак-аштары үчүн, кечинде келип балдарына кубаныч тартуулаш үчүн кечке эмгектенишип кыйналышат. Ал эми ата болсо жаны тынбай иштеп акча таап, балдарым деп иштейт. Өзүлөрү жебегенди жедирип, өзүлөрү кийбегенди балдарына кийдирип, балдарыбыз элден калбасын деп эч нерсесин аябай окутуп-чокутуп, жайлуу жашашсын үчүн каражанын карч уруп эмгек кылышат. Ата-эне баласы үчүн баарына даяр болуп, кандай кыйын акыбал болсо да баарын көтөрөт. Эң негизги милдетибиз ата-энеге кызмат кылуу, аларды кубантуу экенин жаныбыздан чыгарбасак. Бейиштин жолу ата-эненин ыраазычылыгында”- деп балдарды өнүктүрүү борборунун директору Медер Абдыманапов жолугушууда айтып берди.

Акыркы жолу ата-энеңерге жакшы көрөм деп качан айттынар?

Акыркы жолу ата-энеңерге жакшы көрөм деп качан айттынар?


Жолугушуунун аягында окуучулардан: “Акыркы жолу ата-энеңерге жакшы көрөм деп качан айттыңар?”- деп сурасак, эч кимдин эсине түшкөн жок”, - дейт “Ыйман” фондунун өкүлү. Бул жолугушуудан кийин ар бир окуучу ата-энесине болгон мамилеси өзгөртөөрүн убада беришти.

Акыркы жолу ата-энеңерге жакшы көрөм деп качан айттынар?

13-12-2016, 16:54 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top