Кирүү | Катталуу

Жалал-Абаддагы имам: Имамдарга билимдүү жана коомдо кадыр барктуу болуу зарыл

Жалал-Абаддагы имам: Имамдарга билимдүү жана коомдо кадыр барктуу болуу зарыл

Ахмат Бахадырходжаев - Жалал-Абад облусунун имамы. Келечекте билими боюнча экономист-ишкер болсо да, жыл өткөн сайын коомдогу оор абалга кабылган адамдардын абалын көрүп, жардам бергиси келип, Исламдагы руханий жактан өнүктүрүү жолун тандады. Ахмат каары да "Ыйман" фонду тарабынан окутулуп жаткан имамдардын санында. Расмий түрдө имам болуп алты айдан бери иштеп келет. Анын айтымында: "Имамамдар Куранды жана Суннаны жакшы билүү, алар, Ыйык китептеги аяттарды жана алардын маанисин билиш керек. Ошондой эле Куттуу Куранды өз эрежелери менен окуу, эл арасында, коомдо кадыр барктуу болуу, билимдүү жана бийик маданияттуу болуузарыл. Мына ушундан улам семинардагы бардык сабактарды өтө берилүү менен окуп жатам. Чынында эле, бул өтө ыңгайлуу анткени бардык шарттар түзүлгөн, бизден бир гана окуу талап кылынат".



Эске сала кетсек, диний маданиятты өнүктүрүү фонду КРнын дин башкармалыгы менен биргеликте жакынкы арада "Имамдардын руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында Жала-Абад облусунун имамдарын окутуунун экинчи айлампасы уланууда. Ал жерде облустун 120 дин кызматкерлери катышты.

Жалал-Абаддагы имам: Имамдарга билимдүү жана коомдо кадыр барктуу болуу зарыл

Жалал-Абаддагы имам: Имамдарга билимдүү жана коомдо кадыр барктуу болуу зарыл


"Семинарда хадис жана фикх, риторика, имамдарын этикасы, ишкердүүлүк документтерин жүргүзүү, улуттук маданият жана мамлекеттин дин саясаты сыяктуу сабактар болду. Жыйынтыгында катышкан имамдарга сертификат тапшырдык" - деп фонддун өкүлү Муртаза Жолдошев маалымдады.


Жалал-Абаддагы имам: Имамдарга билимдүү жана коомдо кадыр барктуу болуу зарыл

[center]Жалал-Абаддагы имам: Имамдарга билимдүү жана коомдо кадыр барктуу болуу зарыл[/center

20-12-2016, 15:39 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top