Кирүү | Катталуу

Аким ажы Эргешов: Акылсыз ыймандууга караганда, акылдуу ыймансыз коркунучтуураак

Аким ажы Эргешов: Акылсыз ыймандууга караганда, акылдуу ыймансыз коркунучтуураак

Ош Гуманитардык Педагогикалык Институтунда Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары Аким ажы Эргешов менен жаштардын жолугушуусу болду. Жолугушууда Аким ажы Эргешов жаштарды жакшы билим алууга, келечекте мыкты кадр болуп, мекенибизге кызмат кылууга чакырып, Ислам дини билим алууга өтө чоң маани бергендигин белгиледи. “Акылсыз ыймандууга караганда, акылдуу ыймансыз коркунучтуураак. Ж.Баласагындын “Кутту билим” чыгармасында дагы дин менен маданияттын айкалышы жана ыйык динибиздеги накыл-кептер ошол эле “Куттуу билимде” жазылган”,- деп Аким ажы Эргешов кошумчалады.



Иш чарага Ош облусунун казысы Самидин Атабаев да катышты.
Жолугушуунун журушундо студенттер менен суроо-жооп болуп, Аким ажы кызыктуу суроолорго жооп берди.

Аким ажы Эргешов: Акылсыз ыймандууга караганда, акылдуу ыймансыз коркунучтуураак


Иш-чаранын соңунда Аким ажы Эргешовго, Ош облусунун казысы Самидин Атабаевге жана анын орун басары Нурбек Орунбаевга "Ыйман" фонду тарабынан чыгарылган китептер белекке берилди. Андан сырткары фонддун активдүү ыктыярчыларына да белектер тапшырылды.

Аким ажы Эргешов: Акылсыз ыймандууга караганда, акылдуу ыймансыз коркунучтуураак

Аким ажы Эргешов: Акылсыз ыймандууга караганда, акылдуу ыймансыз коркунучтуураак


Эске сала кетсек, жолугушуу "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду 2016-жыл "Тарых жана маданият" жылына карата "Улуттук маданият, билим жана дин" аттуу долбоорунун алкагында “Билим-акылмандыктын ачкычы” деген темада өттү.

Аким ажы Эргешов: Акылсыз ыймандууга караганда, акылдуу ыймансыз коркунучтуураак

22-12-2016, 23:00 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top