Кирүү | Катталуу

“Ыйман”фонду: Жусуп Баласагынды таанып билүү маанилүү, чыгармасын окуу андан да маанилүү

“Ыйман”фонду: Жусуп Баласагынды таанып билүү маанилүү, чыгармасын окуу андан да  маанилүү

Жусуп Баласагындын аты баардыгына эле белгилүү. Бирок “Кутадгу Билиг” чыгармасын көпчүлүгү окуган эмес. Улуу ойчулдун эмгектерин окуп жана аны жайылтуу менен биз Ж.Баласагындын чыгармачылыгына таазим кылган болобуз.

“Куттуу Билим” – бул ыймандуулук жана адеп-ахлак маданияты, бул -жаштарды тарбиялоо”,-деп “Ыйман” фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков илимий-практикалык конференцияда сүйлөдү.

“Ыйман”фонду: Жусуп Баласагынды таанып билүү маанилүү, чыгармасын окуу андан да  маанилүү

“Ыйман”фонду: Жусуп Баласагынды таанып билүү маанилүү, чыгармасын окуу андан да  маанилүү


“Жусуп Баласагындын чыгармачылыгындагы адеп жана тарбия маселелери” аттуу илимий-практикалык конференцияны “Ыйман” фонду уюштурду.
Президенттин Аппаратынын өкүлү Кубанычбек Абакиров,-“Бир убакта эле автордун поэмасында дин жана илимди анализдөө өтө маанилүү”- деди. Тарыхчы, профессор Тынчтыкбек Чоротегин Баласагындай болуп, дин кызматкерлерлерин дин менен бирге башка илимдерди да окуушуна үндөдү. “Баласагындын чыгармасында илимий жана диний булактар колдонулган, ошондуктан ал азыркы күндө да интеллектуалдык жана руханий байлыкты өркүндөтүүгө керек”,- деп кошумчалады.Белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов “Улуу ойчулдун дүйнө таануусундагы Илим, маданият жана диндин айкалышы” аттуу докладын окуду. Ал “Куттуу Билим” чыгармасын Кыргыз калкынын арасында окурмандарды көбөйтүү жана дагы белгилүү болуш үчүн поэма формасында гана эмес, проза формасынга которууну сунуштады.

“Ыйман”фонду: Жусуп Баласагынды таанып билүү маанилүү, чыгармасын окуу андан да  маанилүү

“Ыйман”фонду: Жусуп Баласагынды таанып билүү маанилүү, чыгармасын окуу андан да  маанилүү


Жыйында катышуучулардын бардыгы: Президенттин Аппаратынын өкүлү К. Абакиров, муфтийдин орун басары Аким ажы Эргешов, белгилүү аалым Чубак ажы Жалилов, “Мурас” фондунун төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин, тарыхчылар Кыяс Молдокасымов Жусуп Баласагындын чыгармаларын мектеп окуучуларына, студенттерге жана ошондой эле жалпы элге жайылтуу керектиги зарылдыгын белгилешти. Конференцияга катышкан теологдордун айтымында, улуу ойчулдун эмгеги адамзатты ыймандуулукка, адепке жана тарбиялуулукка чакырат. “Биз келерки жылы, буюрса, Баласагын атабыздын китебин элге таанытуу үчүн колдон келген аракеттерди кылабыз. Конкурстарды уюштурабыз, аймактарда презентацияларды жасайбыз, имамдарды окутканда бул китепти колдонобуз..”, - деди фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбеков.

“Ыйман”фонду: Жусуп Баласагынды таанып билүү маанилүү, чыгармасын окуу андан да  маанилүү

“Ыйман”фонду: Жусуп Баласагынды таанып билүү маанилүү, чыгармасын окуу андан да  маанилүү



30-12-2016, 11:45 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top