Кирүү | Катталуу

Имам Баяз Арапов: “Окуу, окуу жана окуу”

Имам Баяз Арапов: “Окуу, окуу жана окуу”

Январ айынын башынан тартып Ошто өтүп жаткан "Ыйман" фондунун семинарына катышып жаткан имамдардын эң улуусу Кадам-Жай районунун Эшме айылынын имамы Баяз Арапов 80 жашта. Бул ишти 23 жылдан бери аркалап келет. Баяз аксакал убагында Сталинграддын техникалык институтун бүтүп, 20 жыл тракторист болуп иштеген. Жашы улгайганына карабай дин чөйрөсүндө салымын кошуп иштеп келе жатат. Баяз атанын айтуусунда, билим алуу эч качан кеч эмес, бул имамдарга гана эмес, бардыгыбызга тиешелүү. Аксакал абдан жакшы окуйт. Окуунун биринчи этабын ийгиликтүү аяктап, сертификат алган жана "Ыйман" фонду тарабынан стипендия алат. "Семинардан алган билимимди айылымда ишмердүүлүгүмдө колдонуп жатам. Былтыр жаз айында өткөрүлгөн семинардан алган билимдин муфтияттын аттестациясын ийгиликтүү тапшырууга жардамы тийди. Мага "Фыкх" сабагынан суроолор туш келген. Абдан кубанычта болдум, анткени бекер окуган жок экем. Мына ошондуктан, кайрадан окууну улантып, экинчи этаптагы окууларга катышканы келдим",- деп айтып берди.


2017-жылдын 2-январынан тартып Чүй, Баткен жана Ош облусунун дин кызматкерлерине "КРнын имамдарынын билим деңгээлин жана потенциалын жогорулатуу" долбоорунун алкагында окуунун экинчи этабын баштады. Семинарда Чүй облусу боюнча 118 имам, Баткенден 134 жана Оштон 10 дин кызматкерлери катышып жатат. Бишкектеги окуу "Биринчи кадам" медреседе, Ошто - ОшМУнун теология факультетинде өтүп жатат.

Имам Баяз Арапов: “Окуу, окуу жана окуу”

Имам Баяз Арапов: “Окуу, окуу жана окуу”

Имам Баяз Арапов: “Окуу, окуу жана окуу”


Эскерте кетсек, аталган семинар 2014-2020 жылдагы КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциянын алкагында "Ыйман" фонду жана дин башкармалык менен биргеликте уюштурулууда.

Имам Баяз Арапов: “Окуу, окуу жана окуу”

Имам Баяз Арапов: “Окуу, окуу жана окуу”

4-01-2017, 17:57 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top