Кирүү | Катталуу

Рух дөөлөтүнүн бал ширеси

Рух дөөлөтүнүн бал ширеси

Ыйман, адеп жана маданият жылына карата "Ыйман" фонду "Ыйман жарчылары" аттуу китепти жарыкка чыгарды. Бул китепте улуттук маданиятты, адамдык нарк-насилди,адепке тарбиялоочу санат-насаат ырга салынган, жан дүйнөбүз жана акылыбыз үчүн гүлазыкка айлантып, аманат калтырган залкар акындарыбыздын чыгармалары камтылган. Мисалга алсак, Барпы Алыкуловдун, Жеңижоктун, Калыгул Бай уулунун, Молдо Нияздын, Токтогул Сатылгановдун жана башка залкар акындарыбыздын ар бир сөзү алтынга алмашкыс таалим тарбиялык мааниси терең чыгармалары тандалып киргизилди.

Максаты - руханий жана адеп-ыймандык асыл-нарктарды залкар инсандардын чыгармалары аркылуу байытуу.

Рух дөөлөтүнүн бал ширеси

Рух дөөлөтүнүн бал ширеси


Фонддун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун айтымында жакшылыктын башаты,бактылуулуктун кепилдиги - бул ыйман."Кыргызстандын эң чоң байлыгы - адам. Болгондо дагы сапаттуу жана интеллектуалдуу, руханий жактан өнүккөн адам керек. Маданият десе эле операны,балетти түшүнбөшүбүз керек. Маданият - бул ыйман, жакшы жүрүм турум. Ошондуктан, Кыргызстан ийгиликтүү өнүгүшү үчүн жарандарыбыз, жаштарыбыз адептүү жана ыймандуу, терең билимдүү, башка ой-пикирлер менен көз караштарга сабырдуу болуп тарбиялануусу жана, албетте, өз элинин тарыхы менен маданиятын билүүсү зарыл", - деп белгиледи.

Рух дөөлөтүнүн бал ширеси

Рух дөөлөтүнүн бал ширеси


Эске сала кетсек, китеп студенттердин демилгеси менен түзүлүп, иштеп чыгуудагы топко салымдарын кошту.

10-01-2017, 10:20 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top