Кирүү | Катталуу

“Жүзүмө түкүрбө – Мекендешим!”

“Жүзүмө түкүрбө – Мекендешим!”

11-март күнү “Ыйман” фонду “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Жүзүмө түкүрбө – Мекендешим!” акциясын өткөрдү. Акцияга жаш активисттер, студенттер жана өлкөбүзгө кайдыгер карабаган адамдар катышты.



Иш чаранын максаты – Кыргызстандын жарандарын маданиятуу болууга, өз өлкөсүн булгабай таза жашоого үндөө.

“Жүзүмө түкүрбө – Мекендешим!”


Акциянын жүрүшүндө «Түкүрүүнү, таштады ыргытууну, коомдук жайда уят сөздү сүйлөөгө каршы акцияны колдоңуз!” деген баракча-флаерлерди таратышты.

“Жүзүмө түкүрбө – Мекендешим!”


“Мекенибиз – жүзүбүз. Булгабайлы” деген акция коомубуздагы түкүрүү, таштанды ыргытуу, сөгүнүү сыяктуу терс көрүнүштөрдү калтырууга багытталган иш. Азыр жүздөгөн жаштар бул жерге топтолушту. Көчөлөргө чыгып, түкүргөндөргө, таштанды ыргыткандарга, адепсиз сүйлөгөндөргө жылуу сөз менен: МЕКЕНИБИЗ ЖҮЗҮБҮЗ –БУЛГАБАЙЛЫ деп эскертишти. Биз эскерткен адамдар да бизге кошулуп, бүткүл элдик адепке, ыйманга чакырган кыймылга айланабыз деп ойлойм. Бул бир эле жолку акция же флешмоб эмес. Бул терс адаттарды бардыгыбыз таштагыча улана берет. Бүгүн Бишкекте баштадык, буюрса Кыргызстандын бардык региондорунда кылабыз”,– деп «Ыйман» фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков сүйлөдү.

“Жүзүмө түкүрбө – Мекендешим!”


Иш-чарада акцияга арналган социалдык роликтер көргөзүлдү.

“Жүзүмө түкүрбө – Мекендешим!”

14-03-2017, 12:14 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top