Кирүү | Катталуу

“Жүзүмө түкүрбө, Мекендешим!” акциясы Баткен шаарында

“Жүзүмө түкүрбө,  Мекендешим!” акциясы Баткен шаарында

Баткен шаарында “Ыйман” фонду “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата “Жүзүмө түкүрбө, Мекендешим!” акциясын өткөрдү. Акцияга жаш активисттер, студенттер, БатМУнун ректору - Зулпуев Абдувап, Ыйман фондунун төрагасы - Кадырбеков Нуржигит, КРнын эмгек сиңирген артисти - Саламат Садыкова, КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары - Чынар Саттарова, Жалал-Абад мамлекеттик телерадио компаниясынын жетекчиси - Алдакулов Тургунбай катышты.

Иш чаранын максаты – Кыргызстандын жарандарын маданиятуу болууга, өз өлкөсүн булгабай таза жашоого үндөө.

“Жүзүмө түкүрбө,  Мекендешим!” акциясы Баткен шаарында


Акциянын жүрүшүндө көчөлөргө чыгып, түкүргөндөргө, таштанды ыргыткандарга, адепсиз сүйлөгөндөргө жылуу сөз менен: МЕКЕНИБИЗ ЖҮЗҮБҮЗ –БУЛГАБАЙЛЫ деп эскертишти. «Түкүрүүнү, таштады ыргытууну, коомдук жайда уят сөздү сүйлөөгө каршы акцияны колдоңуз!” деген баракча-флаерлерди таратышты.

“Жүзүмө түкүрбө,  Мекендешим!” акциясы Баткен шаарында


“Баткенде түкүрсөк Ат-Башынын да акысыны киребиз, Кара-Кулжанын да акысына киребиз анткени мекенибиздин топурагы ар-бирибиздики. Эч ким үйүнө түкүртпөйт, ыргыттыртпайт аткени ал өзүнүкү, а Кыргызстан кимдики ? Кыргызстан деле биздики да, ошол үчүн түкүргөндү калтыралы”, - деп фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбеков сүйлөдү.

“Жүзүмө түкүрбө,  Мекендешим!” акциясы Баткен шаарында

“Жүзүмө түкүрбө,  Мекендешим!” акциясы Баткен шаарында


Иш-чаранын жүрүшүндө акцияга арналган социалдык роликтер көргөзүлдү.
Буга чейин акция Бишкек жана Жала-Абад шаарларында өткөн. Буюрса Кыргызстандын бардык аймактарында өтмөкчү.

“Жүзүмө түкүрбө,  Мекендешим!” акциясы Баткен шаарында

“Жүзүмө түкүрбө,  Мекендешим!” акциясы Баткен шаарында

13-04-2017, 10:47 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top