Кирүү | Катталуу

Диний лидер аялдар үчүн семинар

Диний лидер аялдар үчүн семинар

28-29-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарында “Ыйман” фондунун демилгеси менен экстремизм жана радикализмге каршы күрөшүүдө аялдардын орду тууралуу семинар өттү. Эки күндүк семинарда ар кандай диний уюмдардын, диний окуу жайлардын, кайрымдуулук фонддордун өкүлдөрү катышты. Алардын ар бири зордук-зомбулук менен коштолгон экстремизмге каршы турууда олуттуу салымын кошуп келишет.




Семинардын ачылышына дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов катышты. Эргешов жолугушууда дин чөйрөсүндөгү лидер мусулман аялдар жер жерлерде диний сатабы төмөн аялдар менен иш алып баруусу зарыл экендигин белгилей кетти. Ошондой эле мамлекттик диний саясат тууралу кенен маалымат берди.

Диний лидер аялдар үчүн семинар

Диний лидер аялдар үчүн семинар

Диний лидер аялдар үчүн семинар


Семинардын жүрүшүндө дин боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү КРнын 2014-2020-жылдарга карата бекитилген дин багытындагы мамлекеттик саясат тууралуу терең маалымат беришти.
“Быйыл окуу жылдын башында пилоттук долбоор катары бир канча мектептерге дин тууралуу предмет киргизүү пландалып жатат. Бул кадам диний сабатсыздыкты жоюунун бир жолу. Азыркы маалда өспүрүмдөрдүн кээ бири адашуу жолунда калууда. Ошондуктан, мектеп окуучуларынан баштап биз диний билим берүү системасын карап чыктык”, - деп дин боюнча мамлекеттик комиссиясынын аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Гульназ Исаева сүйлөдү.

Диний лидер аялдар үчүн семинар

Диний лидер аялдар үчүн семинар


Семинардын экинчи күнүндө ИИМдин 10-башкаруу бөлүмүнүн милиция полковниги Эмиль Жээнбеков аялдарга терроризм, эктремизм жана радикализмдин айырмачылыгы тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргызстанда да экстремисттик, террористтик уюмдарга каршы күрөшүүдө көп көйгөйлүү маселелер бар экендигин айта кетти.
“Лидер аялдар менен жолугушуп, маселелерди чечүүдө көптөгөн суроолор, кызыктуу сунуштар, жаңы идеялар айтылды. Аялдардын бул чөйрөдө чоң потенциалы бар экен. Биз иштин жыйынтыгын анализдеп көрүп, мындан ары аялдардын дин чөйрөсүндөгү билимин тереңдетүү боюнча бир программа ойлоп табууну чечтик. Азыркы замандагы коркунучка каршы бирдиктүү иш алып баруучу механизмин ойлоп табуу, негизги жана жооптуу милдет экени талашсыз,”- деп билдирди милициянын полковниги Эмиль Жээнбеков.

Диний лидер аялдар үчүн семинар

Диний лидер аялдар үчүн семинар


Семинардын катышуучусу Гульсара Каримова фондко ыраазычылыгын билдирди.
“Мындай семинарда биринчи жолу катышып жатам. Өтө маанилүү маалыматтарды алдым. Жеке өзүмө, мисалы терроризм, экстремизм жана радикализм деген терминдерди терең түшүнө албай жүргөм. Бүгүнүкү иш-чарада адбан терең жана так маалыматтарды ала алдым. Менин оюмча мага окшоп түшүнө албай жүргөн аялдар аз эмес. Мындан ары дагы ушундай жолугушууларды масштабдуу өткөрсөк жакшы болмок”, - деп Жалал-Абад областтык дин башкармалыгынын аялдар бөлүмүнүн жетекчиси Гульсара Каримова сүйлөдү.

Диний лидер аялдар үчүн семинар

2-05-2017, 12:51 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top