Кирүү | Катталуу

“Интеллектуалдык инвестиция” долбоору Чоң-Алайда

“Интеллектуалдык инвестиция” долбоору Чоң-Алайда

10-11 – май күндөрү “Ыйман” фондунун “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында “Нама” фондусунун колдоосу менен Ош шаарынын жана Чоң-Алай районун Дароот-Коргон айылында белгилүү тарыхчы, публицист Тынчытыкбек Чоротегин жана Кыяс Молдокасымов менен жаштардын жолугушуусу өттү.



“Жолугушууга райондун акиминин орун басары Туйгунова Саадат,райондук билим беруу башкармалыгынын башчысы Бактыбаев Пазыл,Чоң-Алай жаштар кыймылынын төрагасы Каныбек Абдыгапар уулу,Эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы Миталипова Мейликан катышты. Ошондой эле семинарга 9-11-класстардын мектеп окуучулары болду”, - деп фонддун өкүлү маалымдады.

“Интеллектуалдык инвестиция” долбоору Чоң-Алайда


Иш-чаранын негизги максаты - КР бардык аймактарындагы мектеп окуучуларын бирдиктүү долбоордун негизинде илим-билимге умтулууга, ыйман-адепке жана мекенди сүйүп, ага кызмат кылууга үндөө аркылуу өлкө ичинде алдыңкы келечекте күчтүү кадрлардын өсүүсүнө салым кошуу.

“Интеллектуалдык инвестиция” долбоору Чоң-Алайда


Семинардын жүрүшүндө лекторлор ар кандай темага талкуу жургүзүштү. "Ааламга жол айылдан башталат,ийгиликке жетип,билимдүү болуп,көп тилдерди билүү үчүн кайсы жерде окуганын маанилүү эмес,болгону баары аракетке жараша болот,ошондуктан баарынарды жакшы билим алып,көптөгөн тилдерди үйрөнүүгө чакырам", - деп Тынчтыкбек Чоротегин айтты.

“Интеллектуалдык инвестиция” долбоору Чоң-Алайда


Ал эми тарыхчы, журналист Кыяс Молдокасымов: "Ар бирибиз өз элибиздин тарыхын абдан жакшы билүүбүз керек,биз тарыхы бай,нарк насилдүү элбиз.Биздин ата-бабаларыбыздын жашоосу бизге чоң үлгү,алардын бизге жеткирген мурасын сактап,бизге таштап кеткен мекенибиздин кадырына жетип,барктап,өнүгүп өсүүсүнө ар бирибиз салым кошуубуз зарыл", - деп кызыктуу атуулдук сезимдерди ойгото турган сөздөрдү айтты.

“Интеллектуалдык инвестиция” долбоору Чоң-Алайда


Эске сала кетсек, “Ыйман” фондунун “Интеллектуалдык инвестиция” долбоору өлкөдөгү жаш жеткинчектердин билим деңгээлин жогорулатууга, руханий жана интеллектуалдык көрөңгөлөрү бай жана күчтүү жарандардын өсүүсүнө, мекенчил жаштардын тарбиялануусуна багытталган.

12-05-2017, 15:47 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top