Кирүү | Катталуу

“Аялдын коомдогу жана Исламдагы орду” Бишкекте аялдарга арналган семинар болуп өттү

“Аялдын коомдогу жана Исламдагы орду” Бишкекте аялдарга арналган семинар болуп өттү

Кечээ, 21-сентябрда "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду Кыргызстан Мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен биргеликте “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата“Кыргыз Республикасынын Коргонуу кеңешинин Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатын ишке ашыруу жөнүндө” КРнын Президентинин Жарлыгына ылайык коомдогу түрдүү коркунучтарды (радикал-экстремисттик идея, топтордун жайылышын) алдын алуу максатында Бишкек шаарындагы социалдык кызматтын өкүлдөрү, мугалимдер, мед.айымдар үчүн уюштурган “Аялдын коомдогу жана Исламдагы орду” деген темада семинар болуп өттү.

Иш-чаранын максаты аталган тармактагы айымдарга «Мамлекеттүүлүк», «Аялдардын коомдогу жана Исламдагы орду» тууралуу маалымат берүү жана ошондой эле динге болгон стереотиптерди жоюу.

Семинарды КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Зайырбек Эргешов ачып берди. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев “Аялдардын Исламдагы орду” тууралуу баяндама жасаса, “Ыйман” фондунун төрагасы “Улуттук маданият жана дин” деген темада катышуучуларга баян курду.

“Аялдын коомдогу жана Исламдагы орду” Бишкекте аялдарга арналган семинар болуп өттү


“Аялдын коомдогу жана Исламдагы орду” Бишкекте аялдарга арналган семинар болуп өттү


Ошондой эле Кыргызстандагы аялдар маселесин терең изилдеп келаткан социолог, жазуучу Топчугүл Шайдуллаева “Аял: үй-бүлө жана коом”, КРнын Президенттик Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Санжар Тажыматов “Мамлекеттүүлүк” жөнүндө доклад окуду.

“Аялдын коомдогу жана Исламдагы орду” Бишкекте аялдарга арналган семинар болуп өттү


“Аялдын коомдогу жана Исламдагы орду” Бишкекте аялдарга арналган семинар болуп өттү


Эске сала кетсек иш-чарага Бишкек шаарындагы бир катар социалдык мекемелерден, мугалимдерден, административдик кызматкерлерден турган 100дөн ашуун айымдар катышып, аял затынын диндеги жана коомдогу орду тууралуу маалымат ала алды. Иш чара өлкө аймагы боюнча өткөрүлөрү пландалууда.

“Аялдын коомдогу жана Исламдагы орду” Бишкекте аялдарга арналган семинар болуп өттү

“Аялдын коомдогу жана Исламдагы орду” Бишкекте аялдарга арналган семинар болуп өттү


22-09-2017, 10:47 | Категория - Башкы бет |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top