Кирүү | Катталуу

Кыргыз армиясы курал атканды гана эмес, китеп окууну да үйрөтөт

Кыргыз армиясы курал атканды гана эмес,  китеп окууну да үйрөтөт

25.09.17. “Ыйман, адеп жана маданият” жана 23-сентябрь - мамлекеттик тил күнүнө карата “Ыйман” фонду Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин штабынын жана бөлүкчөлөрүнүн арасында “Билге” китеп окуу таймашын өткөздү.

Аскер кызматкерлери арасында китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында өткөрүлгөн бул сынакка департаменттин ар кайсы бөлүктөрүнөн 10 офицер-солдаттан түзүлгөн 6 команда катышты (60 оюнчу). Жарыш “Ыйман” фонду тарабынан чыгарылган: “Табигат сырлары”, “Ыйман жарчылары” жана “Тынчтыктын жарчысы” аттуу китептеринин негизинде жүрдү. Аскерлер бул финалдык таймашка 2 айдан ашык убакыт даярданып, акыры мыкты оюн көргөзө алышты.

Кыргыз армиясы курал атканды гана эмес,  китеп окууну да үйрөтөт


“Атуулдук сезими жогору, жоопкерчиликти сезе билген жана өлкө келечегине кайдыгер карабаган атуулдардын көбөйүшүнө салым кошолу деген иш-аракеттердин бири”, - деп фонддун башчысы Нуржигит Кадырбеков айтты.

Кыргыз армиясы курал атканды гана эмес,  китеп окууну да үйрөтөт


“Жыйынтыгында “1-саптык батальон” 1-орунду ээлеп, баш байге 8 000 сомду утуп алды. Ал эми экинчи орунга “3-өздүк батальон” татып, 6 000 сом жана 3-орунду “4-өздүк батальон” жеңип, 4 000 сом жана фонддун баалуу белектери менен сыйланышты,” – деп фонддун өкүлү Табылды Муратбеков билдирди.

Кыргыз армиясы курал атканды гана эмес,  китеп окууну да үйрөтөт


Ошондой эле калган 3 командага ушул аскердик бөлүктө кызмат өтөп кеткен Нурсултан аттуу жигит демөөрчү катары 1 500 сомдон өз сыйлыгын тапшырып, үлгүлүү кадам жасады.

Кыргыз армиясы курал атканды гана эмес,  китеп окууну да үйрөтөт


Иш-чаранын жүрүшүндө аскерлерге концерттик программа да тартууланды. Алгач “Манас” эпосун манасчы Жусуп Мамайдын чөбөрөсү Тургунаалы Мамай баштап берсе, аскердик хор, ыр менен уланды. Ошондой эле жоокерлерге тарбиялык мааниси чоң “Ыйман” фонду тарабынан тартылган “Энеге зыярат” тасмасы да көргөзүлдү.

Кыргыз армиясы курал атканды гана эмес,  китеп окууну да үйрөтөт


Бул саамалыкты алдыда тиешелүү органдар менен бирге иштеп чыгып, аскер бөлүктөрү арасында ири таймаштарды уюштуруу пландалууда.
Кыргыз армиясы курал атканды гана эмес,  китеп окууну да үйрөтөт

25-09-2017, 12:16 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top