Кирүү | Катталуу

“Интеллектуалдык даават өспүрүмдөр арасында старт алды”

“Интеллектуалдык даават өспүрүмдөр арасында старт алды”

“Ыйман” фондунун “Интеллектуалдык инвестиция” долбоору “Нама” фондунун колдоосу менен Жалал-Абад облусунун райондорунда старт алды. Жолугушуу 21.09.17 күнү Сузак районунда башталып, Базар-Коргон районунда жыйынтыкталды.

Семинардын биринчи күнүндө Өкмөттүн Жалал-Абда облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Асель Сансызбаева катышты. Жаш жеткинчектерди талыкпай билим алууга, адептүүлүккө үндөдү.
Андан тышкары “Максатты туура коюу”, “Убакытты туура бөлүштүрүү”, “Жакшы кулк-мүнөз” темаларында долбоордун координатору Аязбек Атамкулов семинар өттү.

“Интеллектуалдык даават өспүрүмдөр арасында старт алды”

“Интеллектуалдык даават өспүрүмдөр арасында старт алды”


Окуучулар семинар учурунда өз максаттарын кагазга түшүрүү жана убакытты туура бөлүштүрүү боюнча практикалык да иш-аракеттерди жасоого жетишишти.
22.09.17 күнү Ноокен районундагы семинарга спикер Жалал-Абад областтык телеканалынын башкы директору Турганбай Алдакулов “Ийгиликтүү инсандардын сыпаттары” жана өзүнүн “ийгилик жолу” тууралуу жаш жеткинчектерге айтып, “Эң негизгиси ичиңерге кир сактабагыла, бири-бириңерге кечиримдүү болгула. Болбосо ал өзүңөрдү чиритип жок кылат”, - деген маңыздуу кебин айтты.

“Интеллектуалдык даават өспүрүмдөр арасында старт алды”

“Интеллектуалдык даават өспүрүмдөр арасында старт алды”


23.09.17 күнүнөн баштап Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондорунда Кыргыз эл акыны Надырбек Алымбеков жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” фондунун координатору Асылбек Жоодонбеков менен семинар уланды. Заманыбыздын залкар акыны жана жазуучусу Надырбек Алымбеков барган жерлеринде “Ыйман” темасын козгоп, “Улууларды урматтаганыңар – ошол ыйман, ата-энеңерге сый көрсөткөнсүңөр – ошол ыйман, окуп, билим алып мекенге кызмат кылганыңар – ошол ыйман. Улуулардын батасын алгыла”, - деп нуска кептерин жаштарга насаат кылды.

“Интеллектуалдык даават өспүрүмдөр арасында старт алды”



Ал эми Асылбек Жоодонбеков “Максатсыз жашоо – дарбасыз футбол аянтчасында футбол ойногон футболчудай”, “Ийгиликсиз адамдар жашоосуна, өзүнө капа адамдар. Силер дайыма позитивдүү ойлонгула деп бир канча “ийгилик сырларын” ачып берүүгө жетишти.

“Интеллектуалдык даават өспүрүмдөр арасында старт алды”

“Интеллектуалдык даават өспүрүмдөр арасында старт алды”


Жалал-Абад облусунун 6 районунда өткөн жолугушууларга жалпысынан 700 окуучу жана студенттер катышты. Октябрь ичи калган облустардын район борборлорунда жана шаарларында семинарыбыз улантылмакчы.

“Интеллектуалдык даават өспүрүмдөр арасында старт алды”

4-10-2017, 10:41 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top