Кирүү | Катталуу

Гапыр Мадаминов: “Адамдын үч казаны болот: аш казан, баш казан жана рух казан”.

Гапыр Мадаминов: “Адамдын үч казаны болот: аш казан, баш казан жана рух казан”.

“Ыйман” фонду “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун негизиндеги семинарды бул жолу Баткен облусунун Бужум жана Самаркандек айыл өкмөттөрүндө өткөрдү. Иш-чара “Нама” фондунун колдоосу менен “Бизнеске болгон инвестиция – тобокел, адамга болгон инвестиция – кепилдик!” деген темада окуучулар жана студенттер арасында өткөрүлдү.

Окуучулар менен болгон жолугушууда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов: “Адамдын үч казаны болот: аш казан, баш казан жана рух казан. Эгерде адамдын баш казаны менен рух казаны тойбосо, ал адам өмүр бою интеллектуалдык жана руханий жардылыкта жашап, өмүрү пайдасыз өтөт. Ошондуктан ар дайым китеп окуу менен өзүн-өзү жетиштирүүгө чакырды жаш жеткинчектерди.

Гапыр Мадаминов: “Адамдын үч казаны болот: аш казан, баш казан жана рух казан”.


“Ыйман” фондунун координатору Аязбек Атамкулов фонддун максаттары, жасап жаткан иштери менен кошо, тарткан фильмдери жана өзүн-өзү өстүрөм дегендер үчүн insan.kg маалыматтык порталы тууралуу айтып берди. Өз кезегинде окуучуларды көп тилдери үйрөнүүгө үндөдү: “Ар бир тилдин өзунүн логикасы болот. Ошол тилди өздөштүргөндө адамдын мээсинде жаңыча ой-жүгүртүү ыкмасы пайда болот да, бир маселени бир канча өңүттөн карап, анализдеп ыңгайлуу чечимдерди чыгарганды үйрөнөт. Маалыматтарды өз убагында алууга жетишет”.

Гапыр Мадаминов: “Адамдын үч казаны болот: аш казан, баш казан жана рух казан”.


Эске сала кетсек, Интеллектуалдык инвестиция долбоорунун негизги максаты – КРнын бардык аймактарындагы мектеп окуучуларын бирдиктүү долбоордун негизинде илим-билимге умтулууга, ыйман-адепке жана мекенди сүйүп, ага кызмат кылууга үндөө аркылуу өлкө ичинде алдыңкы келечекте күчтүү кадрлардын өсүүсүнө салым кошуу.

Гапыр Мадаминов: “Адамдын үч казаны болот: аш казан, баш казан жана рух казан”.

11-11-2017, 13:33 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top