Кирүү | Катталуу

“Жусуп Мамай Бабамдан баян” китебинин бет ачар аземи өттү

“Жусуп Мамай Бабамдан баян” китебинин бет ачар аземи өттү

А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан жарык көргөн “Жусуп Мамай Бабамдан баян” китебинин бет ачары болуп өттү. Бет ачарга, фонддун төрагасы Н.Кадырбеков, белгилүү жазуучу Б.Жакиев, тарыхчы К.Молдокасымов, Р.Отунбаева, С.Раев жана студенттер, жаш окурмандар катышты.




Улуу манасчы Жүсүп Мамайга арналып жарыкка чыккан китепти өзүнүн чөбөрөсү Тургунаалы Жүсүп Мамайтегин жазган. Китепте адеп, ыйман, нарк-насил, улут маданияты жана тарых тууралуу айткан маалыматтарын, учкул кептерин, аны менен кошо өрнөк болчу өмүр-таржымалын көркөм чыгарма катары баяндалган.

 “Жусуп Мамай Бабамдан баян” китебинин бет ачар аземи өттү

 “Жусуп Мамай Бабамдан баян” китебинин бет ачар аземи өттү


“Албетте, илим-билим өнүккөн бул заманда техниканын жетегинде калган жаш муун үчүн да, китептен обочолой түшкөн орто муун, китепке жакын улуу муун үчүн мындай китеп керек. Андагы ар бир учкул сөздүн мааниси терең. Китеп жарыкка чыкты, бирок эң башкысы – биз, ушул китепке түшкөн ата – бабабыздын акылмандыгын ар бирибизге жетишине умтулушубуз керек”, - деп фонддун төрагасы Н.Кадырбековд айтты.

 “Жусуп Мамай Бабамдан баян” китебинин бет ачар аземи өттү

 “Жусуп Мамай Бабамдан баян” китебинин бет ачар аземи өттү


Китептин максаты – окурмандардын руханий дүйнөсүн байытууга жана адеп-ахлак баалуулуктарын үйрөтүп, жогорулатууга багытталган.


 “Жусуп Мамай Бабамдан баян” китебинин бет ачар аземи өттү



17-11-2017, 16:36 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

To Top