Кирүү | Катталуу

“ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, Мекендешим!” акциясы Таласта

“ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, Мекендешим!” акциясы Таласта

“Ыйман” фонду кезектеги “ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, Мекендешим!" акциясын өткөрдү. Бул жолу акция Талас шаарында болду. Иш-чаранын максаты жарандарды тазалыкка жана өзүн алып жүрүү маданиятын оңдоого үндөө.

Иш-чарага жаш активисттер, Талас Мамлекеттик университетинин студенттери катышты. Флешмобду өткөрүүгө Талас облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиева көмөк корсөттү.

“ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, Мекендешим!” акциясы Таласта


Акция башталаар алдында фонддун башчысы Нуржигит Кадырбеков “Ыйман, ата-энеге болгон мамиле, ийгиликтин формуласы” жана башка темаларда семинар өттү.

“ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, Мекендешим!” акциясы Таласта

“ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, Мекендешим!” акциясы Таласта


“Студенттер жана жаш активисттер фонддун төрагасы жана губернатордун орун басары менен биргеликте шаардын борбордук көчөлорүн топ-топ болуп бөлүнүп алышып кыдырышты. Таластын жашоочуларына уят сөз сүйлобөөгө, көчөлөргө таштанды таштабоого чакырышты”, - деп фонддун өкүлү Табылды Муртбеков маалымдады.

“ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, Мекендешим!” акциясы Таласта

“ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, Мекендешим!” акциясы Таласта


“Мекенибиз – жүзүбүз. Булгабайлы” деген акция коомубуздагы түкүрүү, таштанды ыргытуу, сөгүнүү сыяктуу терс көрүнүштөрдү калтырууга багытталган иш. Көчөлөргө чыгып, түкүргөндөргө, таштанды ыргыткандарга, адепсиз сүйлөгөндөргө жылуу сөз менен: МЕКЕНИБИЗ ЖҮЗҮБҮЗ –БУЛГАБАЙЛЫ деп эскерттик. Биз эскерткен адамдар да бизге кошулуп, бүткүл элдик адепке, ыйманга чакырган кыймылга айланабыз деп ойлойм. Бул бир эле жолку акция же флешмоб эмес. Бул терс адаттарды бардыгыбыз таштагыча улана берет. Буга чейин борборубуз Бишкекте жана калган областтарды кыдырып чыктык. Буюрса талас бутту, эми Ош облусуна барабыз”,– деп «Ыйман» фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков сүйлөдү.

“ЖҮЗҮМӨ ТҮКҮРБӨ, Мекендешим!” акциясы Таласта


Талас мамлекеттик университетинин студенти Айбек да бул акциянын катышуучусу.
“Өтүлгөн семинар абдан пайдалуу болду. Нуржигит Кадырбеков айтып берген өзүнүн ийгилик формуласы мага да адбан таасир берди. Мен жакшы окуп, чоң ийгиликтерге жетишкенге аракет кылам. Ал эми акцияга катышканга кубанычтамын. Мен да өз өлкөм, таза өлкөлөрдүн катарына киришине салымымды кошконго даярмын”, - деп айтты катышуучу.

27-11-2017, 12:29 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

To Top