Кирүү | Катталуу

“Жаш мугалимдердин слету”

“Жаш мугалимдердин слету”

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “Ыйман” фонду, билим берүү башкармалыгынын демилгеси “НАМА” фондусуну колдоосу менен Баткен облусу боюнча “Жаш мугалимдердин слету” болуп өттү. Слетко Жергиликтүү башкармалык өкүлдөрү, Ардагер мугалимдер, Сүлүктү шаардык Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Абдывахап Исманов, Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалими Гапыр Мадаминов катышты.



Жаш мугилимдерге “Сиздер Кыргыз журтунун “алтын запасын” түптөп жаткан азаматсыздар!”, “Кыргызстандын Снелмандары!”, “Кыргыз элинин тажрыйбасы менен дүйнө элдеринин заманбап үлгүлөрүн мыкты өздөштүрүп, Кыргыз мамлекетин жаңы деңгээлге алып чыга турган инсандар – дал ушул жаш мугалимдер!” деген асыл кептери менен бөлүшүп, чоң дем беришсти.

“Жаш мугалимдердин слету”


“Ыйман” фондунун атынан Бишкек шаарынан бери келип, 200гө чукул катышуучунун маанайын көтөрүп, бабадан калган салтты улап комуз күүсүнө накыл кептерди мончоктой тизип төккөн акын Болотбек Назаров болду.

“Жаш мугалимдердин слету”


Жыйында Г.Мадаминовдун 17 жылдан бери өз жемишин берип келе жаткан АЭМ (Акыл эмгегинин маданияты) системасы тууралуу да кенен маалымат берди. Бул система предметтик сабактардан сырткары окуучуларга сабак катары өтүлүп, анда окуучулар канткенде эффективдүү билим ала алышат, канткенде өзүнүн акыл жөндөмдөрүн өстүрө алат ж.б. билим алууну жеңилдеткен пайдалуу көндүмдөрдү үйрөнүү тууралуу айтып берди.

“Жаш мугалимдердин слету”

“Жаш мугалимдердин слету”


Ал эми “Ыйман” фондунун координатору Аязбек Атамкулов: “Бизди кыйынчылыктардан алып чыкчу мыкты атуулдарды күтүп жүрөбүз, ал эми ошондой атуулдарды тарбиялап өстүрчү мугалимдер экенин унутпашыбыз керек”, - деп иш-чараны жыйынтыктап, эң алдыңкы 5 мугалимге фонддун атынан белектерди тапшырды.

“Жаш мугалимдердин слету”


18-12-2017, 11:03 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

To Top