Кирүү | Катталуу

Мен – жаш мугалим!

Мен – жаш мугалим!

«Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду жана Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан, NAMA фондунун колдоосу менен жаш мугалимдер үчүн «МЕН- ЖАШ МУГАЛИМ» аттуу Camp форматындагы интерактивдүү, формалдуу эмес семинар-конференциясы өттү. Иш-чарага фонддун төрагасы Н. Кадырбеков, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри С.Авазов, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин проректору А. Дооронова жана 130 жаш мугалим катышты.




Семинарга лектор болуп, “Ыйман” фондунуну башчысы Нуржигит Кадырбеков, КРнын Президентинини аппаратынын этностук, диний саясаты жана жарандык коом менен өз ара байланышуу бөлүмүнүн эксперти – Санжарбек Тажиматов, Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринин студенттери, мугалимдери, жаштар коомдук уюмдары үчүн инсандык жеке сапаттарды өнүктүрүү семинар-тренингдердин автору Асылбек Жоодонбеков таасирдүү сөздөрү менен жаш мугалимдердин көңүлүн бурушту.

Мен – жаш мугалим!

Мен – жаш мугалим!


Семинардын максаты – Адеп, ыйман жана билимди ширелтип, балдарды интеллектуалдык, руханий жана физикалык жактан тарбиялоо ишин жаңы денгээлге көтөрүү, жаш мугалимдерге мотивация берүү, алардын кесиптик, адистик тажрыйбасын жогорулатуу, заманбап талапка ылайыктуу билим берүүнүнүн методикаларын үйрөтүү.

Мен – жаш мугалим!

Мен – жаш мугалим!


Долбоордун жүрүрүшүндө лекторлор “Кыргыз жараны бугун жана эртен”, “Балдарды окутуу кызыктуу болуш үчүн, интерактивдүү окутуу методду ойлоп табуу”, дагы жана башка темаларда лекцияларды окуп бергени тууралуу фонддун кординатору Аязбек Атамкулов маалымдады.
Иш-чаранын сонунда Жаш мугалимдерди шыктандыруу максатында «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун “Мыкты мугалим”, “Креативдуу мугалим”, “Көп тил билген мугалим” наамындагы Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Мен – жаш мугалим!

Мен – жаш мугалим!


Эске сала кетсек, семинар фонддун “Интеллектуалдык инвестиция” долбоорунун алкагында “Ыйман,адеп жана маданият” жылына арналган иш-чара болду.

Мен – жаш мугалим!

20-12-2017, 09:57 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top