Кирүү | Катталуу

Өлкөнүн имамдары кесипкөйлүгүн жогорулатууну улантууда

Өлкөнүн имамдары кесипкөйлүгүн жогорулатууну улантууда

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду “International Alert” уюму менен биргеликте 2017-жылдын февраль айынан баштап Европа Биримдиги тарабынан каржыланган “Дин жана демократия боюнча конструктивдуу пикир алышуу” долбоорун ишке ашырып жатышат.

“Дин жана демократия боюнча конструктивдуу пикир алышуу” долбоору Кыргыз Республикасындагы дин кызматкерлеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Долбоордун жүрүшүндө дин кызматкрлерине дин тутуу эркиндиги жана адамдын жашоосунда диндин ролу, мамлекеттик жана диний институттардын ортосундагы байланыш, мамлекеттин дин чөйрөсүндөгү саясаты тууралуу сабактар өтүлөт.

Өлкөнүн имамдары кесипкөйлүгүн жогорулатууну улантууда


Долбоордун негизги максаты Кыргыз Республикасындагы дин кызматкерлеринин светтик жана диний билимин жогорулатуу болуп саналат.

Өлкөнүн имамдары кесипкөйлүгүн жогорулатууну улантууда


Окутууну 2017-2019 жылдар аралыгында жүргүзүү пландаштырылууда. Окутуу программасы 36 саатан туруп 12 предметтен турат жана төмөндөгү темаларды карайт: мамлекет, мыйзам жана дин; дин жана улуттук маданияттын гармониясы, заманбап коомдо талеранттуу диний-маданий көп түрдүүлүк, исламдык укуктук маданият жана адамдык баалуулуктар ж.б.

Окутуу программасынын башынан бери (2017- жылдын июль айы) алты күндүк семирнарлар өткөрүлүп, 600дөн ашуун дин кызматкери окууудан өттү. Семинарлар имамдардын демократиялык коомдо диндин ролун түшүнүүгө, диний лидерлердин ортосунда жана жалпы мамлекет менен коомдо ишенимди бекемдөө максатында өткөрүлүүдө. Тестирлөөнүн жана семинардын жыйынтыгында имамдар окуудан өткөндүгүн тастыктаган, атайын жеке номерлүү сертификатка ээ болушат.

Кезектеги семинар 2018- жылдын 15-20-январында Ош шаарында өткөрүлөт.

Өлкөнүн имамдары кесипкөйлүгүн жогорулатууну улантууда


Эске сала кетсек 6 күндүк окуу семинары Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү 2014-2020 жылдардагы концепциясынын алкагында өтүүдө

Өлкөнүн имамдары кесипкөйлүгүн жогорулатууну улантууда




11-01-2018, 14:09 | Категория - Башкы бет, Жаңылыктар |

Окшош макалалар:

ЭҢ КӨП ОКУЛДУ:

АРХИВ

«    Ноябрь 2018    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
 

АКЫРКЫ МАКАЛАЛАР:

To Top